mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин ведомстволук уюмдары жана түзүмдүк бөлүмдөү Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасындагы окуяларынан жапа чеккен Баткен облусунун тургундарына жардам көрсөтүү үчүн Борбордук казыналыктын атайын эсебине бир күндүк эмгек акысын которду.

Жол чарба департаментинин, «Кыргыздотранспроект» Долбоорлоо-изилдөө институтунун мамлекеттик ишканасынын жана КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн кызматкерлери Борбордук казыналыктын атайын эсебине бир күндүк эмгек акысын которушту. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы окуядан жабыркаган Баткен районунун тургундарына жардам көрсөтүү максатында.

КР ТжКМнин басмв сөз кызматы