mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы түзүмдүк бөлүмдөр жана ведомстволук уюмдар ишембиликке активдүү катышты 

2022-жылдын 22-октярында «Таза Мурас» акциясынын алкагында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы түзүмдүк бөлүмдөр жана ведомстволук уюмдар «Жол фонду», «Жол чарба департаменти», «Өндүрүштүк инновациялык борбор» мамлекеттик мекемеси жана «Кыргызавтожол» МИнын эмгек жамааты ишембиликке активдүү катышты.

Ишембиликтин алкагында бекитилген учоксток Бишкек айланма жолу менен Аэропорт жолунун кесилишиндеги клеверди тазалооо , актооо жана таштандылардан арылтуу, айлананы иретке келтирүү иштери жүргүзүлдү .

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев ишембиликке активдүү катышкандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана ведомстволук уюмдарынын жамаатына ыраазычылык билдирди.