mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2022-жылдын 9 айынын ишмердигинин жыйынтыктары жана IV кварталга койгон милдеттери жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин экономика, бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук башкармалыгынын башчысы А.Дж. Дуйшебаевдин, Жол чарба департаментинин директору К.К. Абдыкалыковдун, “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын башкы директору К.Р. Нурманбетовдун, Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин директору Ш.А. Айтиевдин, “Кыргыз темир жолу” Улуттук компаниясы” мамлекеттик ишканасынын башкы директору А.А. Сакиевдин маалыматтарын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2022-жылдын 9 айындагы ишмердигинин жыйынтыктары жана IV кварталга койгон милдеттери жөнүндө Маалымкаттын негизинде, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Коллегиясы токтом кылат:

  1. “Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2022-жылдын 9 айындагы ишмердигинин жыйынтыктары жана IV кварталга койгон милдеттери жөнүндө” маалыматы кабыл алынсын.
  2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри Т. К. Текебаевдин жана анын биринчи орун басары Н. Б. Кайынбаевдин 2022-жылдын 9 айынын жыйынтыгынын негизиндеги сунушу менен төмөндөгү кызматкерлерге тартип жазалары колдонулсун:
    • Дебитордук карыздардын көбөйүшүнө жол бергендиги үчүн жана аткарылган иштерге отчеттуулукту (сертификаттарды) өз убагында берилбей жаткандыгына байланыштуу жана иш-кагаздарын жүргүзүүдө кетирилген кемчиликтери үчүн Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын башкы директору К. Р. Нурманбетовго жана Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол автожолун реконструкциялоодо долбоордук сметалык иш-кагаздарын бүтүрүүнү белгиленген мөөнөттөн кечиктирилгендиги жана курулушка көзөмөл (консультациялык кызмат көрсөтүү) жеткиликтүү түрдө жүргүзүлбөгөндүгү үчүн “Кыргыздортранспроект” долбоорлоо институту” мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун орун басары К. К. Ормоновго сөгүш жарыялоо Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна сунушталсын.
    • Дебитордук карыздардын көбөйүшүнө жол бергендиги жана иш-кагаздарын жүргүзүүдө кетирилген кемчиликтери үчүн Жол чарба департаментинин директору К.К. Абдыкалыковго сөгүш жарыялоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын атына сунушталсын.
    • Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын башкы директору К.Р. Нурманбетовго жана Жол чарба департаментинин директору К.К. Абдыкалыковго Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин региондорго барып мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгы менен өндүрүштөгү кемчилдиктерге жол бергендиги үчүн регионалдык жетекчилерге төмөндөгүдөй тартип жазасын колдонуу сунушталсын:

– Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол автожолун реконструкциялоо долбоорун ишке ашырууда негизги келишимдерди жана жол жумуштарынын так бааларын аныктоо боюнча олуттуу кемчиликтер кетирилгендигине жол бергендиги үчүн Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин “Балыкчы – Боконбаев – Каракол” автомобиль жолдорун реконструкциялоо долбоорун башкаруу тобунун жетекчиси Б.Б. Токторбаевге сөгүш жарыялоо жана эмгек келишимин токтотуу маселесин кароо;

– Ош шаарынын мэриясы менен биргеликте иш алып барылбагандыгы, жол техникаларынын абалы өтө начар жана аларды оңдоодо жеткиликтүү иш алып барбай жаткандыгы, Ош – Баткен – Исфана автожолун ондоо иштеринде бир топ кемчиликтерге жол берилгендиги (аңгек-чөнгөктөрдүн сапатсыз жасалгандыгы, жолдун жээктери сүрдүрүлбөгөндүгү жана башкалар) үчүн Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын Ош облусу боюнча филиалынын директору          М.К. Мурзакабуловго жана Жол чарба департаментинин № 5 Ош облусу боюнча регионалдык бөлүмүнүн башчысы А.С. Турдукуловго сөгүш жарыялоо;

– Чүй облусунун ички автожолдорунда аңгек-чөнгөк оңдоо иштеринде олуттуу кемчиликтер кетирилгендиги үчүн Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын Чүй облусу боюнча филиалынын директору Т.К. Макеевге сөгүш жарыялоо;

– Кышка даярдык начар экендигине байланыштуу “Өтмөк” ашуусунда автотранспорт каражаттары узакка созулган чоң тыгынга кабылгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын Талас району боюнча ДЭП №36 өкүлчүлүгүнүн жетекчиси                           Р.Р. Кенжегараевди кызмат ордунан четтетүү.

  • Социалдык тармактарда жана массалык-маалымат каражаттарында министрликтин ишмердиги жөнүндөгү кээ бир маалыматтарды жетекчилик менен макулдашпай чагылгандырганы жана катачылыктарга жол бергендиги үчүн Министрликтин Басма сөз катчы/коомчулук менен байланыш секторунун башчысы К.Р. Досумбетовго сөгүш жарыялансын.
  1. Министрликтин териштирүү комиссиясынын сунушу менен фунционалдык милдеттерин аткарууда кемчилдиктерге жол бергендиги жана иш-кагаздарын жүргүзүүдөгү кетирген кемчиликтери үчүн төмөндөгү кызматкерлерге төмөндөгү тартип жазалары колдонулсун:
  • Министрликтин автомобиль жолдор башкармалыгынын келишимдик негизде иштеп жаткан жетектөөчү адиси С.А. Борбуевге сөгүш жарыялансын жана эмгек келишимин токтотуу маселеси каралсын;
  • Министрликтин автомобиль жолдор башкармалыгынын жетектөөчү адиси Р.С. Андабековго катуу сөгүш жарыялансын;
  • Министрликтин автомобиль жолдор башкармалыгынын башкы адиси К.Д. Бейшеевге сөгүш жарыялансын.
  1. Министрликтин баардык структуралык түзүмдөрүнүн жана мекеме-ишканаларынын жетекчилери документ жүргүзүүдөгү аткаруу тартибин өзгөчө көзөмөлгө алышсын жана кетирилген кемчиликтер үчүн биринчи жетекчилер персоналдык түрдө жооп берери эскертилсин.
  2. Министрдин биринчи орун басары Н.Б. Кайынбаев эки жумалык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы №346 токтомуна ылайык жол тармагын реформалоону аягына чыгаруу, оптимизациялоо боюнча сунуштарды киргизсин.
  3. Автомобиль жана темир жол транспорту башкармалыгынын башчысы А.Т. Акматов менен Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин директору Ш.А. Айтиевге:

— Бир айлык мөөнөттө жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда жүрүү үчүн жыйым алуунун жана салмак-тыш өлчөмдөрдү контролдоо боюнча автоматташтырылган маалымат тутумун жеке өнөктөш тарабынан ишке киргизгенден кийин стационардык транспорт көзөмөл пункттарын жана анын кызматкерлерин башка жакка жайгаштыруу жана колдонуу боюнча сунуштарды киргизишсин;

— Автотранспорт тармагында мыйзамдарды кайра карап чыгып, 2022-жылдын 1-декабрына чейин сунуш киргизишсин.

  1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол чарба департаментинин директору К.К. Абдыкалыковго, “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын башкы директору К.Р. Нурманбетовго:

— 2022-жылдын аягына чейин дебитордук карыздарды азайтуу боюнча конкреттүү иш-чараларды көрсүн;

— 2022-жылдын 10-декабрына чейин жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун оңдоонун жана күтүүнүн 2023-жылга карата Титулдук тизмесин жана “Капиталдык салымдар” беренеси боюнча каржылануучу объекттер боюнча сунуштарды киргизишсин;

— 2022-жылдын 1-декабрына чейин планда каралган көлөмдөн калган 30 км асфальтобетон төшөө жана шагыл катмарын төшөө иштеринде калган 81,9 км бүтүрүшсүн;

— 2022-жылдын 25-ноябрына чейин кышкы мезгилге даярдыктарды толугу менен бүтүрүп, республиканын баардык жолдорунда автотранспорт каражаттарынын үзгүлтүксүз жүрүшүн камсыз кылышсын;

— 2023-жылга материалдык-техникалык базаны чыңдоо үчүн лизинг аркылуу жол куруу техникасын алуу маселесин карап чыгып, 10 күндүк мөөнөттө сунуш берсин.

  1. Мамлекеттик жеке өнөктөштүк жана санариптештирүү бөлүмү Автомобиль жана темир жол транспорту башкармалыгы, Автомобиль жолдору башкармалыгы, Жол чарба департаменти жана Жерде жана сууда жүрүүчү транспорт департаменти менен биргеликте жүк ташуучу транспорт каражаттарынан салмак жана габариттик контроль жана жыйымдарды алуу боюнча маалыматтык системаны ишке киргизүү жана бул маселени Пресс-катчылык менен биргеликте массалык маалымат каражаттарында калк арасында кеңири чагылдыруу боюнча иштерди жүргүзсүн.
  2. Инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу топторунун жетекчилери (С. К. Ибраимов, З. А. Шадыбеков, И. К. Осеров) бекитилген графиктерге жана иш пландарына ылайык бардык инвестициялык долбоорлор боюнча иштерди күчөтүшсүн жана жүргүзүшсүн. Артта калуу, иштин кечиктирилиши жана каралган каражаттардын өздөштүрүлбөгөндүгү үчүн жетекчилер жеке жоопкерчилик тартаары белгиленсин.
  3. Жол фондунун директору Б.Т. Базаралиев 2023-жылдын 1-январынан баштап “Жол фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын күчүнө киришине байланыштуу, жол тармагынын каржылоонусун үзгүлтүккө учуратпастан алып кетүү үчүн жана жаңы каржы булактарынын толук кандуу иштеши үчүн баардык чараларды көрсүн.
  4. Жерде жана сууда жүрүүчү транспорт департаментинин директору Ш.А. Айтиевге:

— 2022-жылдын 15-декабрына чейин уруксат бланктарын, лицензияларды жана атайын уруксаттарды берүүнү автоматташтыруу жана санариптештирүү боюнча конкурстук сатып алуу процедураларын бүтүрсүн;

— Ата-мекендик ташуучуларды товарларды ташууда жетиштүү көлөмдө камсыздоо үчүн уруксат бланктарына квотаны көбөйтүү боюнча чет мамлекеттер менен сүйлөшүүлөрдү күчөтсүн;

— Кыргыз Республикасынын маршруттук тармагын оптималдаштыруу боюнча иштерди күчөтсүн;

— Транспорт көзөмөл пункттарында техникалардын жана жабдыктардын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу боюнча иш-чараларды күчөтсүн жана иштебей турган таразалардын оңдоо иштерин 2022-жылдын 1-декабрына чейин бүтүрсүн;

— Транспорт көзөмөл мобилдик топторунун ишин күчөтсүн;

— 2022-жылдын 15-декабрына чейин “Кербен” транспорт көзөмөлдөө пунктунун курулушун бүтүрсүн;

— Бир айлык мөөнөттө транспорт көзөмөл пунктарындагы инспекторлордун квалификациясын жогорулатуу, аттестациялоо тууралуу сунуш киргизсин;

— 10 күндүк мөөнөттө Түп районунун айылдарына ички транспорттук каттамдар тууралуу маалымат даярдап берсин;

— Кыргыз Республикасынын транспорт жана лицензиялык мыйзамдарынын талаптарынын сакталышына мамлекеттик контролду күчөтсүн.

  1. “Кыргыз темир жолу” Улуттук компаниясы” мамлекеттик ишканасынын башкы директору А.А. Сакиевге:
  • Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоору боюнча үч тараптуу сүйлөшүүлөрдү активдештирүү, каржы маселелерин чечүү менен ККУнун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу боюнча иштерди жүргүзүүнү бекитилген график боюнча улантсын;
  • Балыкчы-Кочкор темир жолунун 5 чакырымын төшөө иштерин аяктасын, ошондой эле Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жолун курууга инвесторлорду тартуу иштерин күчөтсүн;
  • Келечекте түндүк менен түштүктү бириктирген темир жол куруу максатында жашыл экономиканы өнүктүрүү программасынын алкагында инвесторлорду тартууга ылайыктуу шарттарды түзүү үчүн Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жол маршрутун Балыкчы-Кочкор-Казарман маршрутуна өзгөртүүнү карап чыксын.
  • 2022-жылдын 1-декабрына чейин:

а) Турксиб (Луговая) – Балыкчы темир жолун электирлөө долбоорунун жана Балыкчы – Тамчы темир жол курулушу долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу боюнча аткаруу мөөнөттөрүн көрсөтүү менен конкреттүү сунуштарды киргизсин;

б) Ташуулардын коопсуздугун камсыз кылуунун стратегиялык фактору катары Кыргыз темир жолунун кыймылдуу курамын жаңылоо жана жол инфраструктурасын модернизациялоо маселелерин чечүүгө багытталган конкреттүү сунуштарды киргизсин;

  • Эл аралык поезд каттамдарында вагон-ресторан уюштуруу боюнча бир жумалык мөөнөттө сунуш киргизсин.
  1. 2022-жылдын 1-декабрына чейин «Кыргыз автобекети» мамлекеттик ишканасынын башкы директору Т. Т. Анаркуловго:
  • «Кыргыз автобекети» МИда мобилдик тиркемени ишке ашыруу үчүн инвесторлорду жана донорлорду издөө иштерин күчөтсүн;
  • Жаңы Сургут, Чита, Санкт-Петербург, Уфа багытындагы автобус каттамдарын ачуу маселеси боюнча иштерди күчөтсүн;
  • Региондордо жаңы автобекеттерди ачуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен иш алып барсын (Баткен облусу: Баткен, Исфана, Кызыл-Кыя; Ош облусу: Ноокат, Кара-Суу, Алай; Жалал-Абад облусу: Казарман айылы, Тогуз- Торо, Нарын облусу: Жумгал району, Чаек айылы);
  • Электробустарды Даниянын жашыл климат фонду аркылуу сатып алуу боюнча иштерди жүргүзсүн;
  • 2022-жылдын аягына чейин билеттерди сатуу боюнча электрондук портал аркылуу кызматтарды көрсөтүүнү киргизсин (онлайн брондоо);
  • Жүргүнчүлөргө жана автотранспортчуларга көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жана түрлөрүн жакшыртуу боюнча чараларды көрсүн;
  1. Тармактык башкармалыктардын, бөлүмдөрдүн жана ведомстволук мекеме, ишканалардын жетекчилерине (А.Т. Акматов, А.Ж. Кожомбердиев, К.К. Абдыкалыков, Ш.А. Айтиев, А.А. Сакиев, К.Р. Нурманбетов, Б.Т. Базаралиев, Т.Н. Ашымбеков, Т.Т. Анаркулов, Э.М. Таштаналиев):

— 2021-2024-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы күрөшүү жана анын себептерин жоюу боюнча мамлекеттик стратегиянын талаптарын эске алуу менен транспорт жана жол тармагында мүмкүн болуучу коррупциянын алдын алуу боюнча адам факторун кыскартуу, санариптик технологияларды киргизүү аркылуу мамлекеттик органдардын ишинин ачыктыгын камсыз кылуу, уруксат берүүчү документтердин жана контролдук документтердин тизмесин кыскартуу, иштин электрондук форматына өтүү жөнүндө кабыл алынган иш-чаралардын пландарын өз убагында жана толук көлөмдө ишке ашыруу боюнча тийиштүү чараларды көрүшсүн;

— Кыргыз Республикасынын Президентинин, Министрлер Кабинетинин жана Жогорку Кеңештин Төрагасынын протоколдук тапшырмаларынын аткарылышын өзгөчө көзөмөлгө алышсын;

— Документтердин өз убагында аткарылышы үчүн аткаруучулук тартипти камсыз кылышсын;

— 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча боло турган коллегиянын отурумунда министрликке караштуу бардык мекеме, ишканалардын отчету угулсун.

  1. Министрликтин басма сөз катчысы К.Р. Досумбетов министрликтин жана министрликке караштуу мекеме, ишканалардын ишмердүүлүгүн жалпыга маалымдоо каражаттарында жана министрликтин сайтында чагылдыруу боюнча иштерди күчөтүү боюнча комплекстүү чараларды көрсүн.
  2. Экономика, бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук башкармалыгынын башчысы А.Дж. Дуйшебаевге ай сайын, отчеттук айдын 10-чу күнүнө чейин ушул токтомдун аткарылышы боюнча маалымат берилип турсун.
  3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо министрдин биринчи орун басары Н.Б. Кайынбаевге жана тиешелүү башкармалыктардын жана бөлүмдөрдүн жетекчилерине жүктөлсүн.