mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Эпкин-Башкууганды унаа жол тилкесинде жол белгилерине ылайык саатына 40 км ылдамдыкты сактоо керектигин айдоочуларга эскертет.

Эпкин-Башкууганды жолунун тилкесинде автотранспорттор кара жолго, жана ага ылайык саатына 40 км чектөөгө карабастан, жеңил жана жүк ташуучу унаалар саатына 70-80 км жана андан ашык ылдамдыкта жүрөт. Бүгүнкү күндө Эпкин-Башкууганды автожолунун 69,7 км (89-чакырымынан 159-чакырымына чейин) жолду тейлөөнү «Чайна Рейлвей №1» подряддык компаниясы жүргүзүүдө. 5 CAREC коридорлору 1 жана 3 туташтыруучу жол долбоорун ишке ашырууда, 2В секциясы. Башкы подрядчы China Railway  №. 5 Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 2021-жылдын 23-сентябрында түзүлгөн.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын октябрь айынан бери Подрядчы калктуу конуштардагы чаңды басуу үчүн 3 даана техниканы үзгүлтүксүз колдонууда. Мындай чечим КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигине кайрылган жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн сунушу менен кабыл алынды. Бул жерде аткарылып жаткан иштерге токтолсок, КР Транспорт министрлигинин жетекчилиги жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда жергиликтүү эл менен тынымсыз жолугуп, Эпкин-Башкуганды унаа жол тилкесин реконструкциялоонун жүрүшү тууралуу маалымат берип турат.

2021-жылдын 12-декабрында подряддык компаниянын өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жакынкы айылдардын, анын ичинде Баш-Кууганды айылынын Кашка-Кыя участкасынын тургундары менен суу сугат унааларын көбөйтүүнү макулдашты. 2021-жылдын 13-декабрына карата Подрядчы кошумча дагы бир жабдууну тартты. Жакынкы келечекте дагы үч техниканын кошумча колдонулушу күтүлүүдө, муну менен чаңдан тазалоо үчүн суу ташыгычтардын саны 7 бирдикке жетет.

Кыш мезгилинде чаңдан тазалоонун өзгөчөлүгүн эске алуу менен суу ташыгычтардын иши күндүз, абанын оң температурасында гана жүргүзүлөт. Төмөн температурада суунун төгүлүшү жолдо муз катмарынын пайда болушуна алып келиши мүмкүн, бул жол кыймылынын катышуучуларына кошумча коркунучтарга алып келиши мүмкүн.

КР Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Эпкин-Башкуганды унаа жол тилкесинде ал жердеги жол белгилерине ылайык саатына 40 км ылдамдыкты сактоо керектигин унаа айдоочуларынын эсине салат.

КР ТИМ басма сөз кызматы