Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бариев Ырысбек Жантаевич
- 1 387 просм.
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары
Бариев Ырысбек Жантаевич
1973-жылы 17-июнда Нарын облусунун Нарын районунун Ак-Кудук айылында туулган.
1995-жылы Насирдин Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин “Автомобиль жолдорун жана аэродромдорду куруу” адистиги;
1998-жылы Бишкек гуманитардык университетинин “Экономика жана ишканаларды башкаруу” адистиги;
2009-жылы Насирдин Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин “Инженер-механик” адистиги боюнча аяктаган.
Ишмердиги:
1995-1998-жылдары — Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Кыргыз транспорт инспекциясынын жетектөөчү адиси.
1998-2000-жылдары – Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Чүй облустук автотранспортторду лицензиялоо башкармалыгынын жетектөөчү адиси.
2000-жылы — Бишкек шаарынын мэриясынын жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча муниципалдык координациялык бөлүмүнүн башкы адиси.
2001-2005-жылдары — Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Мамлекеттик транспорт инспекциясынын Бишкек шаардык башкармалыгынын жетекчиси.
2005-2008-жылдары — Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы “Чыгышавтобекети ” мамлекеттик ишканасынын директору.
2008-2010-жылдары — Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Мамлекеттик транспорт инспекциясынын Бишкек шаардык башкармалыгынын жетекчиси.
2010-2012-жылдары — Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Мамлекеттик транспорт инспекциясынын директору.
2012-2013-жылдары — «Бишкекавтобекет» мамлекеттик ишканасынын башкы директору.
2013-2015-жылдары — Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Автомобиль жана суу транспорту мамлекеттик агенттигинин Бишкек шаардык башкармалыгынын жетекчиси.
2015-2017-жылдары — «Бишкекавтобекет» мамлекеттик ишканасынын башкы директору.
2017-2021-жылдары — Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Жол чарба департаментинин №1 Жол тейлөө мекемесинин жетекчиси.
2021-жылы Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Жол чарба департаментинин № 954 Жол тейлөө ишканасынын жетекчиси.
2021-2022-жылдары — Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы “Өндүрүш-инновация борбору” мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары.
08.12.2022-жылдан азыркы убакытка чейин – Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары.