mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри Текебаев Тилек Кыдырмаевич

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри

Текебаев Тилек Кыдырмаевич

1977-жылдын 28-февралында Бишкек шаарында туулган.

2000-жылы Насирдин Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жан архитектура университетин инженер-механик адистиги боюнча аяктаган.

МЖКнын 2-класстагы кеңешчиси.

Ишмердиги:

1998-жылы- «Кыргызтрансавто»ААК автоколоннасынын механиги.

1998-2001-жылдары — «Кыргызтрансавто»ААК авторемонттук устаканасынын мастери.

1999-2002-жылдары –КМКТАУнун Балыкчыдагы филиалы, ОНД кафедрасында окутуучу.

2001-2003-жылдары — «Кыргызтрансавто» ААК техника кыймылынын коопсуздугу боюнча инженер.

2002-2003-жылдары — «Кыргызалтын» ААК “Автотранспортук ишканасы” Кумтөр кенинде мастер прораб.

2003-2005-жылдары — «Кыргызалтын» ААК«Автотранспорттук ишканасында» өндүрүштүн начальниги.

2005-2008-жылдары — «Кыргызалтын» ААК «Автотранспорттук ишканасында» колоннанын башчысы.

2008-2010-жылдары –»Кыргызалтын»ААК «Автотранспорттук ишканасында» МТС инженери.

2010-2011-жылдары -«Кыргызалтын» ААК «Автотранспорттук ишканасында» контролдоочу механик.

2011-2012-жылдары. –»Кыргызалтын»ААК  АТИФинин директору.

2012-2014-жылдары — «Бишкек-Нарын-Торугарт» АЖБ директордун орун басары.

2014-2016-жылдары — «Бишкекасфальтсервис» капиталдык курулуш башкармалыгынын башкы инженери.

2016-жыл –Ысык-Көл өнүктүрүү фондунун директору.

24.03.2016-30.08.2016-жылдары- Мамэкотехинспекциясынын Каракол, Түп, Ак-Суу жана Жети-Өгүз региондор аралык башкармалыгынын башчысы.

2016-2017-жылдары – Чүй облусу боюнча Мамэкотехинспекциясынын башчынын орун басары.

2017-2018-жылдары –Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын, транспорттук коопсуздукту контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча башкармалыгынын начальниги.

2018-2021-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Чолпон-Ата, Балыкчы шаарлары, Ысык-Көл, Тоң райондору боюнча аймактар аралык, аймактык(облустук), Бишкек, Ош шаардык башкармалыктарынын, инспекциялардын, бөлүмдөрдүн жетекчиси.

2021-жылы – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Кара-Суу району боюнча аймактар аралык башкармалыгынын жетекчиси.

09.08.2021-жыл Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги, Ош шаарынын Архитектуралык-курулуш контролу шаардык башкармалыгынын жетекчиси.

03.10.- 05.10.2022-жылы Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин милдеттин аткаруучусу.

10.10.2022-жылдан азыркы убакытка чейин  Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри.