mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри Т.Текебаев жумушчу иш сапары менен Чүй жана Ысык-Көл областарында болду

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри Т.Текебаев, министрдин биринчи орун басары Т.Солтобаев, «Кыргыздортранспроект» МИнын директору Т.Ашымбеков жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол чарба департаментинин директору К.Абдыкалыков менен биргеликте 2022-жылдын 17-декабрында Чүй жана Ысык-Көл облустарына болгон жумушчу сапарынын алкагында ведомствого тиешелүү бир катар объектилер менен таанышты. Тактап айтканда, күйүүчү май, көмүр жана башка жүктөрдү ташыган унаалар таразага тартылып жаткан Кемин салмак-габариттик пунктунун иши менен таанышты.Ошондой эле, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Боом капчыгайында авариялык абалдагы участоктор текшерилип, бөлүм башчы тарабынан Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын өкүлдөрүнө тиешелүү тапшырмалар берилди. Андан ары Транспорт министри жана ведомствого караштуу уюмдардын жетекчилери болуп, Балыкчы-Кочкор темир жолу жана Түндүк-Түштүк альтернативалык автожолунун Кочкор-Эпкин участогунун курулушунун иштеринин жүрүшү менен таанышты. . Барган курулуш объектилеринин бардыгында КР Транспорт жана коммуникациялар министри Т.Текебаев иш графигин сактоо, тиешелүү сапат нормаларын сактоо боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы