mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникация министрлиги Дүйнөлүк Банктын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн башчысы менен биргеликте «Борбор Азиядагы региондук байланышты өркүндөтүү Программасынын үчүнчү фазасы» долбоорунун алкагында Иссык-Көл областында болушту

 

 

2021-жылдын 8-9-июлунда, Дүйнөлүк Банктын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Навид Хасан Накви мырза, «Борбордук Азиядагы региондук байланышты өркүндөтүү Программасынын үчүнчү фазасы» долбоорунун алкагында Ысык-Көл облусунда болду. Иш сапарында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.К.Кемелов (транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитети), Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Кайынбаев Н.Б. жана Дүйнөлүк Банктын инвестициялык долбоорлорун шке ашыруу тобунун директору К.А.Чимчиков дагы катышышты. Иш сапардын жүрүшүндө, Накви мырза, Ысык-Көл облусунун аймагындагы туристтерди тейлөө борборлорун (ТТБ) курууга бөлүнгөн жер тилкелери менен, Ысык-Көл облусунун жолдорунун абалы менен, Каракол шаарындагы аэропорттун абалы менен таанышып, министрлер кабинетинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кожоев М., Ысык-Көл облусунун Тоң районунун акими Астанакулов Б. менен жолугушту.

2020-жылы башталган «Борбордук Азиядагы региондук байланышты өркүндөтүү Программасынын үчүнчү фазасы» долбоорун ишке ашыруу аймактык транспорттук коммуникацияларды өркүндөтүүгө жана Ысык-Көл облусунда туруктуу туризмди өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүүгө багытталган. Долбоордун алкагында, Түптү «Каркыра» өткөрүү пункту менен байланыштырган Ысык-Көл облусунун аймагындагы узундугу 52 чакырымга жакын жолдун бөлүгүн, ошондой эле «Сан-Таш» тарыхый эстелигине (Темирландын дөбө комплекси) баруучу жолдорду капиталдык оңдоодон өткөрүү,  жолдун жыл бою иштешин камсыз кылуу үчүн карларды тазалоочу жабдууларды сатып алуу, авиациялык коопсуздукту жана тейлөөнү камсыз кылуу, Ысык-Көл облусунда туризмди туруктуу өнүктүрүү, Ысык-Көлдүн айланасында 5 туристтик тейлөө борборун куруу пландаштырылган. Азыркы учурда деталдуу долбоорду жана тендердик документтерди даярдоо, техникалык тапшырмаларды жана техникалык мүнөздөмөлөрдү даярдоо иштери жүрүп жатат. Жолдорду куруунун башталышы 2022-жылга пландаштырылган. Долбоор Дүйнөлүк Банк тарабынан каржыланып, гранттык жана кредиттик негизде 55,00 миллион АКШ доллары бөлүегөн. Долбоордун бүтүшү 2024-жылдын аягында күтүлүүдө.

Иш сапардын жүрүшүндө долбоорду ийгиликтүү жүзөгө ашыруу үчүн жергиликтүү бийлик органдарынан, министрлер кабинетинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан жана жергиликтүү калк тарабынан колдоонун маанилүүлүгү айтылды. Катышуучулар долбоорду ар тараптан колдоого жана жайылтууга даяр экендиктерин билдиришүү менен биргеликте долбоордун ийгиликтүү ишке ашырылышына жана өз убагында аяктоосуна үмүттөрүн белгилешти.

КРТжКМ басма сөз кызматы