mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлиги 2020-жылдын 1-декабрында италиялык «Тодини» компаниясы менен келишим токтотулгандыгын маалымдайт. 2 жыл ичинде бул компания Эпкин-Баш-Кууганды участогунун 9,5% куруп бүтүргөн

Подрядчик жок болгон учурда, жолду убактылуу тейлөө үчүн 7-декабрь 2020-жылдан баштап убактылуу кышкы, жазгы, жайкы сезондо башка жаңы жол куруучулар келгенге чейин тейлеп туруу №24 Жол тейлөө мекемесине 70-чакырым жолду тейлөө милдеттендирилген. Жол чарба департаментинин буйругу негизинде 70-чакырым жолдун 11-чакырымы №955 Жол тейлөө мекемесине тейлөөгө берилген. Азыркы убакта инженердик техникалардан №24 Жол тейлөө мекемесинин территориясында 1 автогрейдер, 1 мехпогрузчик 1 автосамосвал, 4 водовоз жана жумушчу күчүнөн 6 адам иштеп жатат. №955 Жол тейлөө мекемесинин территориясында 1 автогрейдер, 1 мехпогрузчик,  1 автосамосовал, 1 водовоз жана жумушчу күчүнөн 2 адам иштеп жатат.
Азыркы учурда жаңы Подрядчы компанияны тандоо процесси жүрүп жатат. 2021-жылдын 12-майында тендердик сунуштар ачылган. 2021-жылдын 7-июнунда талапкерлерге техникалык баа берүү аяктап, баалоо жөнүндө отчет АӨБгө жөнөтүлдү. Министрлик жаңы Подрядчы менен келишим 2021-жылдын июль айында түзүлөт деп күтүүдө. Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлиги автоунаа айдоочулардан убактылуу ыңгайсыздыктарды түшүнүп коюуга өтүнөт.

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма соз катчылыгы