mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациалар министрлиги Ислам өнүктүрүү банкынын инвестициялык долбоорду ишке ашыруу тобу бош кызмат ордуна конкурс жарыялайт: социолог-эколог адиси

Талаптар:
1. Бакалавр даражасы/экология илимдери боюнча жогорку даражалары, айлана-чөйрө боюнча, башка чектеш илимдер же юриспруденция чөйрөсүндө;
2. Эл аралык уюмдарда жана эл аралык донорлор тарабынан каржыланган долбоорлордо социология же айлана-чөйрөнү коргоо/коргоо боюнча адис катары 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы;
3. Экологиялык жана социологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүүдө айлана-чөйрөгө таасир тийгизүүгө баа берүү/айлана-чөйрөнү башкаруу жана коргоо планын ишке ашыруу жана иштеп чыгуу жана көчүрүү боюнча иш-чаралардын планын даярдоо, иштеп чыгуу боюнча тиешелүү билими жана тажрыйбасы
4. Кыргыз жана орус тилдерин эркин билүү;
5. Англис тилин оозеки жана жазуу жүзүндө жогорку деңгээлде билүү;
6. Иш каттарын сабаттуу түзө билүү.

Кошумча маалыматты 31-43-88, 31-47-22 телефондору аркылуу иш күндөрү саат 9:00дон 17:00го чейин ала аласыздар.
Конкурска катышуу үчүн кызыккан талапкерлер кызыктар кат менен орус жана англис тилиндеги сүрөтү бар резюмени (телефон номер жана электрондук почтаны көрсөтүү менен), паспорттун (ID-card), тиешелүү дипломдордун жана сертификаттардын көчүрмөлөрүн төмөнкү дарекке 2022-жылдын 25-февралында саат 17:00 чейин тапшыруусу керек: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Исанов көчөсү 42, 611 бөлмө (6 кабат) факс: 31-43-88 же электрондук дареке: piumotckr@gmail.com