Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациалар министрлиги Ислам өнүктүрүү банкынын инвестициялык долбоорду ишке ашыруу тобу бош кызмат ордуна конкурс жарыялайт: социолог-эколог адиси
- 389 просм.
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациалар министрлиги
Ислам өнүктүрүү банкынын инвестициялык долбоорду ишке ашыруу тобу
бош кызмат ордуна конкурс жарыялайт: социолог-эколог адиси
Талаптар:
- Жогорку билими: экология жана айлана-чөйрөнү коргоо, жол куруу же юриспруденция чөйрөсүндө;
- Жалпы иш тажрыйбасы 10 жылдан кем эмес, анан ичинде айлана-чөйрөнү коргоо 5 жыл, ошондой эле көчүрүү иш-чаралары жана экологиялык тармактарын текшерүү тажрыйбасы;
- Экологиялык жана социологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүүдөгү тажрыйбасы, айлана-чөйрөгө таасир тийгизүүгө баа берүү/айлана-чөйрөнү башкаруу жана коргоо планын ишке ашыруу жана иштеп чыгуу жана көчүрүү боюнча иш-чаралардын планын даярдоо, иштеп чыгуу боюнча тиешелүү билими жана тажрыйбасы;
- Кыргыз жана орус тилдеринде жазуу жана эркин сүйлөө жогорку деңгээлде билүү, ошондой эле англис тилин билүү артыкчылык болуп саналат;
- Компьютерде жакшы иштөө жөндөмдүлүгү жана бардык Microsoft Windows офис тиркемелерин билүү.
Кошумча маалыматты 31-43-88, 31-47-22 телефондору аркылуу иш күндөрү саат 9:00дон 17:00го чейин ала аласыздар.
Конкурска катышуу үчүн кызыккан талапкерлер кызыккан катты, байланыш телефонун жана электрондук почтасын көрсөтүү менен орус жана англис тилиндеги сүрөтү бар резюмени, паспорттун (ID-card) көчүрмөсүн, тиешелүү дипломдорду жана сертификаттарды төмөнкү дарекке 2023-жылдын 24-апрелинде саат 17:00 чейин тапшыруусу керек: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Исанов көчөсү 42, 611 бөлмө (6 кабат) факс: 31-43-88 же электрондук дарек: piumotckr@gmail.com