mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кыргыз Республикасынын транспорт кызматынын атуулдук коргоо Штабынын кезектеги жыйыны өттү

2020-жылдын 14-апрелинде Транспорт жана жол министри Жанат Бейшеновдун төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын транспорт кызматынын атуулдук коргоо Штабынын кезектеги жыйыны өттү.
Анда Өзгөчө кырдаал жана Өзгөчө абал учурунда алып барылып жаткан иштер жана пландар талкууланып, Кыргыз Республикасынын транспорт кызматынын атуулдук коргоо Штабынын катчысынын отчету угулган.
Жыйында учурда аткарылып жаткан иштер, жолдорду тейлөө маселелери, министрлик алдындагы структуралык бөлөмдөрдүн аткарып жаткан иштери каралган.
«Кыргызтемиржолу» Улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын, «Манас» эл аралык аэропорту» ААКнын жетекчилери Өзгөчө абал жана Өзгөчө учур маалында алып барып жаткан иштери тууралуу маалымат беришти.
Ж.Бейшенов Кыргыз Республикасынын транспорт кызматынын атуулдук коргоо Штабынын жыйынын жүрүшүндө Өзгөчө абал жана Өзгөчө учур маалында протоколдук тапшырмаларды өз убагында жана так аткаруу зарылдыгын баса белгиледи