mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кыргыз Республикасынын транспорт кызматынын атуулдук коргоо Штабынын кезектеги жыйыны өттү анда алдыдагы иштер талкууланды

2020-жылдын 6-майында Транспорт жана жол министри Жанат Бейшеновдун төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын транспорт кызматынын атуулдук коргоо Штабынын кезектеги жыйыны өттү.
Анда Өзгөчө кырдаал жана Өзгөчө абал учурунда алып барылып жаткан иштер жана пландар талкууланып, Кыргыз Республикасынын транспорт кызматынын атуулдук коргоо Штабынын катчысынын отчету угулган.
Жыйында министрлик алдындагы структуралык бөлөмдөрдүн аткарып жаткан иштери каралган. Ошондой эле Баткен облусунун Лейлек районунда селден сон жүргүзүлүп жаткан иштер талкууланды.
Министрлик алдындагы инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу топтору долбоорлук тилкелерде аткарылып жаткан иштер, курулушка тартылып жаткан адистер тууралуу маалымат беришти. Жыйында ошондой эле, «Кыргызтемиржолу» Улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын, «Манас» эл аралык аэропорту» ААКнын жетекчилери Өзгөчө абал жана Өзгөчө учур маалында алып барып жаткан иштери тууралуу маалымат айтылды.
Ж.Бейшенов Кыргыз Республикасынын транспорт кызматынын атуулдук коргоо Штабынын жыйынынын жүрүшүндө Өзгөчө абал жана Өзгөчө учур маалында протоколдук тапшырмаларды өз убагында жана так аткаруу зарылдыгын баса белгиледи.