mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кыргыз Республикасынын Темир жол транспортундагы сигнализация боюнча нускаманы бекитүү жөнүндөгү

«Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 сандуу токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык жана Кыргыз Республикасынын «Темир жол транспорту жөнүндө» Мыйзамынын талаптарын аткаруу максатында,

БУЙРУК КЫЛАМ:

  1. Кыргыз Республикасынын Темир жол транспортундагы сигнализация боюнчанускаматиркемеге ылайык бекитилсин.
  2. Бул буйрук расмий түрдө жарыялангандан тартып он күндөн кийин күчүнө кирет.
  3. Ченемдик укуктук актынын көчүрмөлөрү мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада, кагаз жана электрондук түрдө, аталган ченемдик укуктук акты жарыяланган булакты көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберилсин.
  4. Бул буйруктун аткарылышын Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министринин орун басары Э.Осоев көзөмөлдөөгө алсын.

Министр Ж.Калилов