mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кыргыз Республикасында 2022-2024-жылдарга коррупцияга каршы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин стратегиялык иш-аракеттер планын (САП) талкуулоо боюнча тегерек стол өттү.

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде (ТжКМ) Кыргыз Республикасында 2022-2024-жылдарга коррупцияга каршы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин стратегиялык иш-аракеттер планын (САП) талкуулоо боюнча тегерек стол Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Н.Кайынбаевдин жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Коррупцияга каршы ишкер кеңешинин башкы катчысынын катышуусунда болуп өттү.

2022-жылдын 28-сентябрына белгиленген тегерек столдо Кыргыз Республикасында 2022-2024-жылдарга коррупцияга каршы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Стратегиялык иш-аракеттер планын (САП) талкуулоо.

Сиздерге кеңири маалым болгондой, буга чейин 2012 – жылдын февралында жана 2020–жылдын сентябрында Кыргызстанда эки коррупцияга каршы Мамлекеттик стратегия кабыл алынган болчу. Аларды ишке ашыруу алкагында, биздин министрлик боюнча жол жана транспорт тармагында мүмкүн болгон коррупциялык тобокелчиликтерди жоюу жана төмөндөтүү 5 деталдаштырылган иш чаралары 2015 – 2017 – жылдары Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин Жумушчу тобу тарабынан бекитилип, ал иш – чаралар министрлик тарабынан негизинен аткарылган болуучу.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңеши2021 – жылдын ноябрь айында 2022-2024–жылдарга коррупцияга каршы Мамлекеттик жаңы копцепциянын долбоору алып чыккан болчу. Ошол убактан баштап, биздин министрлик бул жаңы Стратегияны аткаруу боюнча Стратегиялык иш чаралар планын иштеп чыгууну баштаганбыз.

Бүгүнкү талкууга алынган Стратегиянын долбоору мурдагы 2 Стратегиянан өзгөчө айырмаланат. Айрыкча, саясатты иштеп чыгуу жана аны жүзөгө ашыруу процесстерин функциялык деңгээлде бөлүп чыгуу, физикалык жана юридикалык тараптар менен өз ара иштешүүдө антикоррупциялык заманбап жаңы технологияларды, механизмдерди киргизүү, мамлекеттик органдардын эл жана коомчулук алдында ачык, айкын иштешин камсыздоо, жана башка жаңыча талаптар коюлган.

Министрликтин Жол чарба депараменти боюнча, Департаментте “Заказчик” жана “Контроль”функциялары кала берет, ал эми жолдорду куруу, ремонттоо, аларды сактоо (содержане) функциялары жаңыдан түзүлгөн “Кыргызавтожол”мамлекеттик ишканасына жүктөлгөн, жол тармагына жумшалчуу каражаттар да жаңыдан түзүлгөнЖол фондуна топтолуп, Жол фондунун 9 мүчөдөн турган Байкоокеңеши тарабынан топтолгон каражаттар жол тармагына бөлүнөт, бул Байкоо кеңешинин 9 мүчөсүнүн ичинде 4-жарандык сектордун өкүлдөрү, каражаттарды бөлүү жана иштетүүнү айкын, ачыктыгын камсыздоо максатында Байкоо кеңешине алар мүчө болушкан.

Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти боюнча глобалдык навигациялык технологияларды колдонуу менен жаңы заманбап маалымат системалары ишке киргизүү каралган-алар салмак- тыш өлчөм көзөмөлдөөиштерин толугу менен автоматташтыруу, ошондой эле жол төлөмдөрүн топтоо, автотранспорттук каражаттарды айыпка жыгуу (штрафтарды) автоматтык түрдө жүргүзүү колдонулат.

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешитарабынан тартууланган Кыргыз Республикасында 2022-2024 – жылдарга коррупцияга каршы Мамлекеттик стратегиясы мындан ары коомубузда мүмкүн болгон коррупциялык көрүнүштөрдүн келип чыгуу себептерин жана мотивацияларын жоюу, аларды кескин кыскартуу мүмкүнчүлүктөрүн бере тургандыгын белгилеп кетким келет.

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар  министрлигинин,  Кыргыз Республикасы 2022-2024-жылдарга коррупцияга каршы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча стратегиялык иш-чаралар планын (САП) талкуулоо боюнча акыркы “тегерек столго” түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана ведомстволук уюмдардын жетекчилери катышты.

 

КР ТжКМнин басма сөз кызматы