mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

“Кыргыз автобекети” мамлекеттик ишканасында Ош-Жалал-Абад жана Бишкек- Жалал-Абад каттамдары иштеп баштады

3- сентябрдан тартып Ош-Жалал-Абад жана  Бишкек- Жалал-Абад автобустук каттамдары иштеп баштады.  2020-жылдын 16- мартынан бери баардык эл аралык автобустук каттамдар токтотулган, ал эми областар аралык маанидеги шаар аралык каттамдар  үстубүздөгү жылдын мартынан 23- жана 9- июлунан баштап токтотулган. 6- августан тарта  «Кыргыз автобекети» Мамлекеттик ишканасында автобустук каттоолор жаңыланды. Учурда Ыссык-Кѳл гѳ каттаган  түнкү жана күндүзгү  кѳп орундуу каттамдар жүрүп баштады. Жаныланган автобустук каттамдардын баардыгы санитардык нормага жооп берип, текшерилип турат.

Жалпы “Кыргыз автобекети” мамлекеттик ишканасына карамагында 7 автовокзал, 8 автотстанция жана 13 автокасса (станциялык курулма) бар жана 400 ашык автобустук каттамдарды тейлеп келет.

.