mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

«Курулуш, Энергетика, Атайын техника жана Коопсуздук» аталышындагы 18-чи Эл аралык конгресттик кѳргѳзмѳ форуму ачылды

Бүгүн 2021-жылдын 20-апрелинде салтанаттуу түрдѳ «Курулуш, Энергетика, Атайынтехника жана  Коопсуздук» аталышындагы 18-Эл аралык конгресттик кѳргѳзмѳ форуму ачылды.

Борбор Азиянын ири кѳргѳзмѳлѳрүнүн бешилтигине кирген жылда болуучу курулуш кѳргѳзмѳсүндѳ тѳмѳнкүлѳр катышты.

Кыргыз Республикасынын Энергетика жана ѳндүрүш министринин орун басары  Бакыт Дегенбаев;

Транспорт, курулуш, архитектура жана коммуникациялар министринин Кеңешчиси Мирбек Акматалиев;

Бишкек шаарынын Вице-мэри  Сагындык уулу Азамат

Инвестицияларды коргоо жана колдоо Агенттигинин Директору  Алмамбет Шыкмаматов;

Ошондой эле КР Долбоорчуларынын Ассоциациясы  Бизнес-ассоциация JIA, КР Архитекторлор жана Курулушчулардын Союзунун ѳкүлдѳрү.

Эл аралык конгресттик кѳргѳзмѳ форуму 4 тѳмѳнкү Эл аралык атайын кѳргѳзмѳлѳрдү бириктирди.

  • KyrgyzBuild 202118-чи Эл аралык атайын курулуш жана интерьер кѳргѳзмѳсү;
  • EnergyExpo Kyrgyzstan 202111-чи Эл аралык атайын энергетика жана жарыктандыруу  кѳргѳзмѳсү;
  • KyrgyzComex 20216-чы Эл аралык атайын  жол курулуш тармагында атайын техникалар кѳргѳзмѳсү;
  • SafetyExpo Kyrgyzstan 2021 6-чы Эл аралык атайын ѳрткѳ каршы коргонуу, коопсуздук каражаттары кѳргѳзмѳсү.

Айта кетчү нерсе форум гибрид  формасында ѳтѳт. Эксперттер гибрид форматындагы иш-чараларды 2021-жылдын индустрия тармагында башкы тренд экенин баса белгилешүүдѳ. Аталган модель чоң аянтчадагы жана онлайн форматындагы кѳп катышуучуларды ѳзүнѳ камтыйт.

Быйылкы жылда бириккен кѳргѳзмѳлүк экспозицияны 70 ашуун компания 7 ѳлкѳдѳн келишкен. Липецкой областынын жамааттык стенди, Экспорту колдоо Борбору жана биринчи жолу   Башкортостан Республикасынан Экспорту колдоо Борборлору  катышууда. Ата-Мекендик 180 завод-ѳндүрүш компаниялардан эң башкысы Кыргызстанда ѳндүрүлгѳн брендинин астында  кѳргѳзмѳнүн алкагында  курулуш технологиялары жана  курулуш продукцияларын презентациялоо, Кыргызстандын курулуш тармагындагы кесипкѳй адистердин семинарлары дагы каралган.