mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 314 385
KG   RU   EN

КР ЖАА жөнүндө жобо

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2010-жылдын 15-январы № 10

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы
Жарандык авиация агенттиги жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 26-октябрындагы № 425 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашырууну камсыз кылуу боюнча иш-чаралар тууралуу» Жарлыгына ылайык:

  1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

– Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттиги жөнүндө жобо;

– Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттигинин башкаруу схемасы.

  1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
  2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 17-июнундагы № 310 «Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жарандык авиация департаментинин маселелери» тууралуу токтому күчүн жоготту деп табылсын.

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри                                             Д.Үсөнов

 

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана Коммуникациялар Министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттиги жөнүндө жобо

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана Коммуникациялар Министирлиги алдындагы Жарандык Авиация Агенттигинин башкаруу схемасы