mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

КР ТжЖМ республикада коронавирус илдети менен күрɵшүүдɵ ɵз салымдарын кошуп жаткан автотранспорттук компаниялардын жетекчилерине жана айдоочуларга ыраазычылык билдирет

Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министрлиги республикада коронавирус илдети менен күрɵшүүдɵ ɵз салымдарын кошуп жаткан автотранспорттук компаниялардын жетекчилерине жана айдоочуларга ыраазычылык билдирет.
Республикадагы ɵзгɵчɵ кырдаал жана ɵзгɵчɵ абал учурунда автотранспорттук фирмалар тарабынан медициналык кызматкерлерди, аскерлерди, ички иштер органдарынын кызматкерлерин, ɵзгɵчɵ кырдаал министрлигинин кызматкерлерин ташууга 47 автобус бɵлүнгɵн, ошондой эле чет жаткан келген, үй карантинине жиберилген жарандарды жашаган жерлерине жеткирүү үчүн да автотранспорт бɵлүп беришкен.
Министрлик дагы бир ирет айдоочулар менен фирма жетекчилерине ыраазычылык билдирип, мындан ары да кызматташууга кызыкдар экендигин билдирет.
Республикада түзүлгɵн оор кырдаалда кол сунуп кɵмɵк кɵрсɵткɵн автотранспорттук ишканалардын тизмеси:
1. «Аргымак» АК;
2. «Биримдик» АК;
3. ААК «Абсолют авто»;
4. ААК «Ак-Жолтой»;
5. ААК «Каниет»;
6. ААК «Манас»;
7. ААК «Токмок ПАТП»;
8. ЖЧК «Автожанр»;
9. ЖЧК «Агынай транс»;
10. ЖЧК «Азия-Транс-Плюс»;
11. ЖЧК «Аймэ»;
12. ЖЧК «Академ-Транс-Сервис»;
13. ЖЧК «Ак-Жол-Транс-Кербен»;
14. ЖЧК «Аман-Транс»;
15. ЖЧК «Аракет-Транс»;
16. ЖЧК «Боз-Шумкар»;
17. ЖЧК «Бокомач»;
18. ЖЧК «Денвер»;
19. ЖЧК «ДОМ»;
20. ЖЧК «Жаатай-Автотранс»;
21. ЖЧК «Ислам-Жол-Транс-Тур»;
22. ЖЧК «Кут-Жол»;
23. ЖЧК «МаксатАвтотранс»;
24. ЖЧК «Нарат-Тенир-Транс»;
25. ЖЧК «Ника-Плюс»;
26. ЖЧК «Озгур Транс»;
27. ЖЧК «Оомат Транс»;
28. ЖЧК «САЖ Кудайбергенжол»;
29. ЖЧК «Транс Даймлер»;
30. ЖЧК «Трансгруппкоммуникейшн»;
31. ЖЧК «Транс-Ордо»;
32. ЖЧК «Хамзат»;
33. ЖЧК «Чуй Токмок транс».
КР ТжЖМ басма-сɵз кызматы