mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

КР ТжКМ: Республиканын бардык жолдору кардан тазаланып, тайгакка каршы инерттүү материал менен толтурулууда.

Кыргызгидромет билдиргендей, бүгүн, 2023-жылдын 11-январында көпчүлүк аймактарда кар калың жаап, жолдор карга толуп, муз тоңгон.

Түп-Кеген унаа жолунун 156-185-чакырымында кар күрткүсү байкалып, кардын калыңдыгы 7-10 смге жетип, кардан тазалоо иштери жүрүп жатат. КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын №4 ЖТИнын кызматкерлери карды тазалоо жана инерттүү материал кошуу иштерин жүргүзүүдө. Ушул эле жолдун Каркыра районунун 185-чакырымынан 207-чакырымына чейинки бөлүгүндө кар күрткүсү түшкөн. Бул жолдун тосулган жерлери тазаланып, тыгылып калган эки унаа жол жээгинен сүйрөлгөн.

Бишкек-Балыкчы-Нарын-Торугарт унаа жолунун 90-чакырымынан 110-чакырымына чейин жана 124-чакырымдан 137-чакырымына чейин №32 ЖТИнын кызматкерлери тайгалактан сактануучу материалдар менен толтурууда.

Ысык-Көл облусунун Түп, Жети-Өгүз, Аксуу райондорундагы жолдордо бул жерде катуу жааган кардан улам унаалардын жүрүшүнө тоскоолдуктар жаралууда. Бул жолдорду тейлеген жумушчулар азыркы учурда  жолду кардан тазалап, инерттүү материалдарды жолдорго төгүп жатышат. Чоң-Ашуу менен Сөөк ашуусунда өтмөк ачык, бул жерде кар жаап жатат.

Көк-Мойнок-Кубакы унаа жолунун 0дөн 26-чакырымына чейинки тилкеде №955 ЖТИ кызматкерлери тарабынан кар күрткүлөрүнөн жана шахталардан тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

Нарын облусунун Ат-Башы районунда калыңдыгы 4-5 см кар жаап, Чаар-Ак-Мууз жолунда бир автогрейдер иштеп жатат. Долон жана Кызыл-Бел ашуулары инерттүү материал менен толтурулуп, Капчыгай тилкесинде 346-чакырымдан 290-чакырымга чейинки аралыкта автогрейдер менен жолду кардан тазалоо иштери да жүргүзүлүүдө.

Түз Бел ашуусунда, Ак-Бейит жана Кара-Гоодо бульдозер тартылып, жолду кардан тазалоо иштери жүрүп жатат. Ошондой эле, Нарын районундагы Түндүк-Түштүк альтернативалык унаа жолунда 1 даана «Хова» үлгүсүндөгү унаа жана жүктөгүчтүн жардамы менен рельстерге кум, туз толтурулуп, бул жолдун башка тилкелеринде жумушчулар жана механизаторлор атайын техника менен нөөмөт менен иштеп жатышат.

Бишкек-Ош унаа жолунун 209-чакырымынан 315-чакырымына чейинки №23 ЖТИнын кызматкерлери тарабынан 3 автогрейдер, 2 жүктөгүч, 4 КАМАЗ жана 2 Хово унаасы тартылып, жолдорду кардан тазалоо, инерттүү материал кошуп, кеңейтүү иштерин жүргүзүүдө. Ушундай эле иштер Торкент – Толук-Сары – Камыш жолунда жүрүп, жатат.

Ал эми Ош-Сары-Таш-Эркечтам жолунда №960 ЖТИнын кызматкерлери жолдорду кардан тазалап, инерттүү материалдарды кошуп жатышат, бул жерде кар күрткүсү байкалууда.

Күтүлүп жаткан аномалдуу суукка байланыштуу Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги айдоочуларга  алыскы жолго чыкпай туурусун, эгерде алар буга чейин чыгып кеткен болсо, республиканын автожолдорунун ашуу тилкелерин кесип өтүүдө кар чынжырларын алып жүрүүнү, кар жааганда жолдорду кардан тазалоочу атайын техниканын ишине тоскоол болбошу үчүн каршы тилкеге чыкпоону сунуштайт

Автоунаа жолдордоэле кар көчкү, кар күрткүсү жана муз тоңушу күтүлөт. Автомобиль жолдорунда кар көчкү коркунучу бар аймактардан өтүүдө унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты так сактоо зарыл.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы