mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

КР ТжКМ астындагы АСТжСТӨТӨКД Баткен аймактык башкармалыгы Баткен районунун Ак-Сай, Көк-Таш, Мин-Өрүк, Мин-Булак жана Достук айылдарындагы жашоочуларды Баткен районунун Рават айылына автоторанпорт менен көчүрдү

КР ТжКМ астындагы АСТжСТӨТӨКД Баткен аймактык башкармалыгы Баткен районунун Ак-Сай, Көк-Таш, Мин-Өрүк, Мин-Булак жана Достук айылдарындагы жашоочуларды Баткен районунун Рават айылына автоторанпорт менен көчүрдү
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана Коммуникация министрлигине караштуу автомобиль, суу транспорту жана салмак тыш өлчөм көзөмөлдөө департаменти Автотранспорт департаментинин Баткен аймактык башкармалыгынын башчысы – жараандык коргонуунун Баткен облустук автотранспорт кызматынын башчысы К.Гапаровдун маалыматына ылайык Баткен районунун Ак-Сай, Көк-Таш, Мин-Өрүк, Мин-Булак жана Достук айылдарындагы жашоочуларды эвакуациялоо үчүн 21 кичиавтобустар тартылып, айыл жашоочуларын Баткен шаарындагы качкындарды кабыл алуу жайларына жана Баткен районунун Рават айылына көчүрүлдү.
Кошумча күч катары Автотранспорт департаментинин Баткен аймактык башкармалыгы тарабынан Баткен районунда 32, Лейлек районунда 48, Сүлүктү шаарында 20, Кызыл-Кыя шаарында 30 жана Кадамжай районунда 30 бирдик кичиавтобус даярдыкта турушат. Бардык кичиавтобустар күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздалып, облустук штаб менен биргелешкен иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.

КРТжКМ басма cөз кызматы