mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

КР транспорт жол министри Жанат Бейшенов учурдагы шарттарга карабастан талыкпай эмгектенип жаткан жолчуларга ыраазычылык билдирди

Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министри Жанат Бейшенов учурдагы шарттарга карабастан талыкпай эмгектенип жаткан жолчуларга ыраазычылык билдирди.
«Учурдагы абалды эске алуу менен, түзүлгөн шарттарга карабастан активдүү иштеп жаткан жолчуларга терен ыраазычылык билдиремин», — деди Ж.Бейшенов.
Ошондой эле, министрликте түзүлгөн коомдук кабыл алуу телефон номерине жана социалдык баракчаларда жолдо иштеп жаткан жолчуларга ыраазычылык билдирип жазган посттор орун алууда.
Учурда өлкөдө түзүлгөн кырдаалга карабастан, жолчулар күнүгө жолго чыгып жолдорду кардан тазалап, унаалардын жүрүшүн үзгүлтүккө учуратпай, жолдорду тазалап, ондоо иштерин жүргүзүшүүдө.
Министрлик өз кезегинде жолчуларды бардык зарыл болгон коргоочу элементтер менен камсыз кылган.