mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

КР Транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов министрлик алдындагы «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасынын башкы директору У.Рахмановга Учуулардын Коопсуздугу Дүйнөлүк Фондунун сертификатын тапшырды

2020-жылдын 13-мартында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана Жолдор Министри Жанат Бейшенов министрлик алдындагы «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасынын башкы директору У.Рахмановга Учуулардын Коопсуздугу Дүйнөлүк Фондунун сертификатын салтанаттуу түрдө тапшырды.

Буга чейин «Учуулардын коопсуздугу» эл аралык консультативдик – аналитикалык агенттиги министирликке кат жолдогон, анда эл аралык атуулдук авиация, аба жолдорун уюштуруудагы, тейлөөдөгү жетишкендиктери үчүн агенттик өз мүчөлүгүнө башкы директору Улукбек Рахмановду алгандыгын билдирген. Бул тууралуу маалымат эл аралык «Крылья Родины, «Панорама», «AviaSafety.ru». журналдарына жарыяланган.

Бул чон наам менен У.Рахмановду чогуу ишетеген кесиптештери куттуктап, ага бекем ден-соолук , жумушунда чон ийгиликетерди жана ишкананын гүлдөп өсүшүн каалашат.
КР ТжЖМ басма-сөз кызматы