mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

КР Транспорт жана жол министрлиги тейлеген автожолдордо унаалардын кыймылын үзгүлтүккө учуратпоо аракетин көрүүдө

2020-жылдын 2-апрель жана 3-апрель түнү ашууларга кар жаап, калындыгы 20-25 см жетти.
Каракол-Энилчек автожолунун 70-80 км, Барскоон–Акшыйрак автожолунун 55-80 км, ошондой эле Түп–Кеген жолунун 50-76 чакырымында кар жаап, калындыгы 10-20 см жетти.
Бишкек–Ош автожолунун Төө-Ашуу ашуусунда, Ала-Бел ашуусунун 206-230 тилкесинде, Суусамыр–Талас–Тараз Өтмөк ашуусунда кардын калындыгы 5-10 см. жетти.

Ош–Сары-Таш–Эркештам автожолунун Чыйырчык, Талдык, Тонмурун тилкелеринде 10-25 см. калындыктагы кар жаады.

Жогорудагы тилкелердин барында Транспорт жана жол министрлигинин жолчулары атайын техника менен жолду кардан тазалап, инерттүү материалдарды себишти. Жол автоунаалар үчүн ачык.

Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министрлиги ашуулар аркылуу кеткен айдоочуларга жайкы дөнгөлөктөрдү кышкы дөнгөлөктөргө алмаштырып, жанында күрөк, чынжыр алып жүрүү керек экендигин дагы бир ирет эскертет.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.