mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

КР Транспорт жана жол министрлиги: кээ бир унаа жолдордо кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда

2020-жылдын 29-апрелине карата Ала-Бука-Жаңыбазар-Кировка автожолунун (65-90км) «Чапчыма» ашуусунда, Красная Горка-Акташ автожолунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда.
Министрлик автоунаалар ортосунда 500 метр аралыкты сактоо зарылдыгын дагы бир ирет эске салат. Транспорт жана жол министрлиги тейлеген жолдордун бардыгында каттам бар.
Учурда өлкөдө түзүлгөн кырдаалга байланыштуу адистер арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Жумушчу орундарында дезинфекция жасалып, адистердин бардыгы коргоочу медициналык жабдыктар менен камсыздалышкан.

КР ТжЖМ басма-сөз кызматы.