mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

КР Транспорт жана жол министри Бакыт Чырмашбаевич Бердалиевдин Жаңы 2021-жыл менен куттуктоо сөзү

Урматтуу кесиптештер! Сиздерди, Жаңы 2021-жылыңыздар менен куттуктап, ден соолук жана бакубатчылык каалайм! КР Транспорт жана жол министрлигинин эмгек жамаатына кесиптик ийгиликтерди каалайм! Сиздерди дайыма ийгилик коштоп жүрсүн!

Бирок биз өтүп бараткан жыл жөнүндө да айтпай кое албайбыз, бир канча күндөн кийин өткөн жыл болуп калат эмеспи. Ошентсе да ал ар кандай окуяларга бай болду – жагымдуусу да, жагымсызы да бар. Биз көп кыйынчылыктарга туш болдук, бирок бири бирибизди колдоо менен ар дайым жеңиш менен чыгып келатабыз. Биз сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө бири бирибизди кеңешибиз менен,  ишибиз менен  колдодук. Биздин бирдиктүү, ынтымактуу жамаат эчак эле бир бүтүнгө айланган. Ошону менен биз өткөн жылы пандемия учурунда жакынкы жана алыскы чет мамлекеттерден келген жарандарга жардам бердик. Бул оорунун жугуп калуу коркунучуна карабай, биздин транспортчулар абсервация орундарынан өлкөнүн аймактарына көптөгөн жарандарыбызды акысыз ташышты.

Эгер негизги өндүрүш ишмердигине токтоло турган болсок, анда төмөнкүлөрдү белгилей кетүү керек: бюджеттик каражаттарды секвестирлештирүүгө карабастан биз республикалык бюджеттин эсебинен 207 км жана инвестдолбоорлордун эсебинен 93 км, бардыгы 307,5 км жол курууга жетиштик.

Транспорт чөйрөсүндө «Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы” Мамлекеттик ишканасы чарбачылык жүргүзгөн субьекттердин жүктөрүн өз учурунда жана толук көлөмдө ташууну камсыздады. Андан сырткары, коронавирус учурунда «Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы” Мамлекеттик ишканасы мамлекеттик ишкананын каражаттарынын эсебинен темир жол транспорту менен гуманитардык жүктөрдү ташууну ишке ашырып турду.

Азыркы учурда Кыргыз Республикасынан/на үзгүлтүксүз рейстер Туркияга, Россияга, БАЭ, Казакстан жана Өзбекистанга аткарылып турат. КР Жарандык авиация агенттиги туруктуу негизде кыргыз авиакомпанияларын коопсуздукту камсыздоонун дүйнөлүк стандарттарына, анын ичинде Европа биримдигинин талаптарына ылайык келтирүү боюнча иштерди жүргүзүп жатат. Covid-19 пандемиясына байланыштуу ишмердиктин айрым түрлөрүнө чектөө чараларына карабастан «Кыргыз автобекети» МИнын станциялык курулмасы штаттык режимде иштейт жана санитардык талаптарга ылайык жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча функцияларды аткарып жатышат.

Урматтуу кесиптештер! Жаңы жылда көптөгөн жетишкендиктер жана ийгиликтер болсун! Кирип келген 2021-Жаңы жыл биздин элге бакыт, молчулук, ынтымак-ырашкерчиликти, бейкутчулук алып келген жылдардан болсун! Элдин жашоо турмушу жакшырып, туруктуулук ыроолоп, бейпил турмуш болуп! Ар бириңиздердин үй-бүлѳѳңүздѳрдѳ аманчылык ден соолук ѳрлѳсүн!