mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

КР Транспорт министрлиги: Бишкек-Ош унаа жолунун 198ден 315ке чейинки бөлүгү, анын ичинде 216-чакырымдагы Ала-Бел ашуусу каттамдар үчүн ачык

2021-жылдын 17 — 18 ноябрга чейин КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин №23 ЖТМнин башкармалыгы тарабынан кар жааган учурда 198-чакырымдан 315-чакырымга чейинки тилкеде, анын ичинде 216-чакырымдагы Ала-Бел ашуусунда трассаны тазалоо жана тайгакка каршы инерттүү материалдарды кошуу үчүн 6 техника тартылган. Ал күнү Торкент-Толук, Токтогул-Бешташ унаа жолдору да кардан тазаланган. Жолго жалпысынан кум-шагыл аралашмасы, тактап айтканда 40 тонна туз, 60 тонна кум төгүлгөн.

Азыркы учурда ТжКМнин №23-Жол чарба башкармалыгын тейлеген 198ден 315ке чейинки чакырымындагы  жолдор унаа кыймылы үчүн ачык.

КР ТжК министрлиги ашуулардан өтүүдө тайгалоого каршы чынжырларын алып жүрүүгө, , инерттүү тайгаланууга каршы материалдарды чачуу үчүн арналган атайын жабдуулар менен байланыштуу каршы тилкеге ​​чыкпоого (жол тыгыны болгон учурда) жана тыгын болгон жерге чыгууга тоскоолдук кылбоого чакырат. Эч кандай шартта жайкы дөңгөлөктөр менен ашууларга барбаңыз, анткени ашууларда кар жаап, кар түрмөгү пайда болот .

Бул сактык чаралардын баары айдоочуларга кар бороон учурунда жасалма тыгындарды жаратпоого жана ашууларда көп сааттарды кетирбөөгө жардам берет.

Ашууларга чыгууда кар көчкүнүн астында калбоо үчүн унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоону суранабыз.

 

КР ТжКМнин басма сөз кызматы