mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

«Коррупция менен болгон аесуз күрөш уланат». Министр Тилек Текебаев билдирүү жасады

Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев билдирүү жасады. Анда мындай деп айтылат.
«Укук коргоо органдары тарабынан транспорт жана жол тармагындагы коррупциялык иштердин бетинин ачылышы боюнча биздин министрлик тыгыз иштешүүдө жана коррупция менен күрөшүү боюнча системалык иштер жүрүп жатканын кошумчалайбыз!
Элдин ырыскысына кол салуу — кечирилгис күнөө! Коррупция менен болгон аёсуз күрөш уланат. Ошондой эле, бизге жүктөлгөн негизги милдетибиз унутта калбай, план боюнча иштер болуп жатат.
2022-жылдын жыйынтыгы боюнча Башкы прокуратура тарабынан “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасын текшерүү учурунда Кадамжай-Чечме жолунун асфальт-бетон төшөлмөсүн оңдоо иштерин жүргүзүүдө 40,8 млн сом жеке кызыкчылыктарга пайдаланылып кеткен”-деген маалымат чыкты.
Жогоруда аталган 40,8 млн сом боюнча биз тергөө амалдарынын жыйынтыгын күтөбүз. Бул иш мен министрлик кызматка киришкенче болгон экен. Ошентсе да көзөмөлдү күчөтүп, жоопкерчиликтүү мамиле кылабыз! Дагы бир жолу айтып кетким келет, жогорудагы 40,8 млн сом боюнча иш, Ноокат жолун оңдоо иштерине тиешеси жок! Эске салсак, “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасына аз убакыт мурда эле жаңы директор дайындаганбыз.
Министрлик кызматка киришкенден кийин эле Сосновка жана Кара-Көл шаарындагы постторго видео байкоо орнотконбуз. Жыйынтыгында быйылкы жылдын биринчи кварталында, былтыркыга салыштырмалуу Сосновка постунда акча чогултуу 49%га, ал эми Кара-Көл постунда 39%га өстү.
Салмак-габариттик текшерүү пункттарында көзөмөл күчөгөндөн кийин 2022-жылга салыштырмалуу быйыл түзүлгөн протоколдордун саны 299%га, ал эми айып пулдар 253%га өстү. Башкача айтканда, акчалар сол чөнтөккө эмес, мамлекеттин казынасына түшүп баштады.
Салмак-габариттик текшерүү пункттарынын баарына видео байкоо орнотулат. Коррупция менен күрөшүү максатында акча чогултула турган жерлерде адамдык факторлордон качып, бүт баарын электрондоштуруп, санарип системага өтүүгө тапшырма бергем».