mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Коронавируска байланыштуу Бишкекке кире берген жерлерде блок-посттор орнотулду

Бишкек шаарына кире берген жана чыккан жерлерге коронавируска байланыштуу 12 фильтрациялык посттор орнотулду. Бардык райондордо жөө патрулдар иш алып барууда.
«Түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле фильтрациялык посттор бардык облустарга кире турган жерлерде орнотулат. Ысык-Көлгө баргандардын бары Балыкчы шаарына кире берген жерде каттоого алынып дене табы текшерилүүдө», — деп билдирди республикалык штабтан.