mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кирпичный-Саруу-Жууку унаа жолуна асфальт төшөлүүдө

Кирпичный-Саруу-Жууку унаа жолуна асфальт-бетон аралашмасын төшөө иштери кызуу жүрүп жатат. Жеринде “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын Ысык-Көл филиалынын жолчулары иштеп жатышат.

Белгилей кетсек, аталган жолдо жер иштери эки жума мурда, ал эми асфальт жаткыруу бүгүн башталды. Быйыл Кирпичный-Саруу-Жууку унаа жолунун 4 чакырымын оңдоо каралган. Баса белгилеп кетчү жагдай, жол куруу иштери бардык нормаларга жооп берет.

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы