mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кесиптик иш стажы жок айдоочуларга жүргүнчүлөрдү ташууга жол берүү тууралуу сунуштар боюнча ММКда жарыяланган маалыматтарга карата Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин түшүндүрмөсү

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентине “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 22-беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө”, “Транспорт жөнүндө”, “Автомобиль транспорту жөнүндө”,“ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоорун коомдук талкуулоо үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин расмий сайтына жайгаштырган.

2021-жылдын 10-августунда бир катар маалыматтык ресурстарда жана сайттарда КР ТжКМнин жогоруда аталган мыйзам долбоору менен кесиптик иш стажы жок айдоочуларга жүргүнчүлөрдү ташууга жол берүүнү сунуштап жатат деген маалыматтар жарыяланды. Буга байланыштуу министрлик төмөндөгүдөй түшүндүрмө берет.

Бул мыйзам долбоору кесиптик иш стажы жок айдоочуларга жүргүнчүлөрдү ташууга жол берүүгө эмес, электрондук форматта лицензия алуу үчүн арыз берүү учурунда талап кылынган документтердин санын азайтууга багытталган, башкача айтканда жооптуу кызмат адамдарынын мамлекеттик аттестациясынын (дипломунун) бар экенин ырастоочу документтерди арызга тиркөө талабын тизмектен алып салууну гана сунуштаган.

Жогоруда аталган мыйзам долбоорунун өзүндө “Автомобиль транспорту жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 6-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктун алып салуу жөнүндө сөз болгон, бирок айрымдар 6-беренин 3-бөлүгү деп түшүнүп адашуу болгон.

Алдын ала даярдоодо мыйзам долбоору менен маалымкат-негиздемеде дал келбөөчүлүк аныкталды, тагыраагы маалымкат-негиздемеде туура эмес жана ката түшүндүрмө берилип кеткен. Бүгүнкү күндө бул катачылык жоюлду.

Белгилей кетсек, аталган мыйзам долбоору коомдук талкуулоо стадиясында турат жана акыркы болуп эсептелбейт. Талкуулоодо жана башка кызыкдар мамлекеттик органдар менен макулдашуу процессинде алардын сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен мыйзам долбооруна тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилет.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы