mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Каракол-Эңилчек унаа жолундагы Чоң-Ашуу ашуусунда жол убактылуу жабылды

Ашуулардагы абал: 3-майга карата маалымат

Каракол-Эңилчек унаа жолундагы Чоң-Ашуу ашуусунда 30-50 см кар жаап, бороон болуп, азыркы тапта жол убактылуу жабык. Бороон басылар менен №11 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жолдун 74-85-чакырым аралыгын кардан тазалоо иштерине киришет.

Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун Сөөк ашуусунда бороон болуп жатат. Азыркы тапта каттам бар. Жолдун 120-135-чакырым аралыгы кардан тазаланып, кеңейтүү иштери жүрүүдө.

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 430-537-чакырым аралыгында бороон болуп жатат. Жолчулар 30-40 см жааган карды тазалап жатышат. Каттам бар.

Ат-Башы-Кында-Торугарт унаа жолундагы Кында ашуусунда учурда кар жаап жатат, кардын калыңдыгы 40 смге чейин жетет. Жолдор ачык, каттам бар.

Өлкөнүн башка жолдору менен ашууларында жол ачык.

Кырдаалга жараша кошумча маалыматтар берилет.

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы