mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

К.Кольбаев атындагы Төө-Ашуу туннелде убактылуу чектөөлөр киргизилди

2022-жылдын 20-июль күнү күндүзгү саат 13:00-13:30 чамасында күйүп кеткен электр кабелин жаңысына алмаштырууга байланыштуу, К.Көлбаев атындагы туннельде каттам үчүн жол убактылуу жабылып, Төө ашууда тыгындар пайда болгон. Биз ыңгайсыздык пайда үчүн кечирим сурайбыз. Каттам бүгүн (20.07.2022) саат 15:00 дө ачылат.
Маалым болгондой, К.Көлбаев атындагы туннелде, унаанын өрттөнүшүнө байланыштуу, 2022-жылдын 5-июль күнү электр кабельдери күйүп, электр энергиясы өчкөн.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы