mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

«Исфана — Кайрагач» көзөмөл өткөрүү автожолу негизинен бүтүп калды

«Исфана-Кайрагач» көзөмөл өткөрүү автожолунун жалпы узундугу 36,1 чакырым. Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов негизги курулуш иштери бүткөндүгүн, бүгүнкү күндө жол белгилерин орнотуу, жөө адамдардын өтмөктөрү жана аялдама пункттарын салуу боюнча иштер жасалып жаткандыгын маалымдады.

Кыргыз Республикасынын Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн транспорт жана жолдорун реконструкциялоо бардык облустарда улантыла тургандыгын билдирип, бул иштер аймактарды өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясаттын ажырагыс бөлүгү болуп саналаарын дагы бир ирет баса белгиледи.

КР ТжЖМ басма-сөз кызматы