mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

«Исфана» аэропортун реконструкциялоо иштери соңуна чыкты

Кыргыз Республикасынын Президентинин “региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы жөнүндөгү” Жаргылыгынын алкагында Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Исфана шаарындагы “Исфана” аэропортун реконструкциялоо иштери соңуна чыкты, республика ичиндеги ички каттамдар үчүн ылайыкталган реконструкциялык иштер 2019-жылы башталган.

“Манас” эл аралык аэропорту” ААК Башкармалыгынын төрагасы Мурат Примбердиевдин билдиргени боюнча, “Исфана” аэропортунун аэродромунун жасалма төшөлмө элементтерин реконструкциялоо” долбоору толугу менен аягына чыкты. Бардык оңдоо иштери графикке ылайык жүргүзүлдү жана сертификациялоодон кийин аэропорт кайрадан учактарды кабыл алууга даяр болот.
Бул долбоордун алкагында учуп-конуу тилкеге, рулеждук жолчого, аба кемелерди токтотуучу жайга жана перронго реконструкциялык иштер жүргүзүлдү.

Заманбап атайын геосинтетикалык курулуш материалдарын колдонуу менен 75 миң чарчы метр асфальт бетон төшөлдү. Учуп-конуу тилкенин жалпы узундугу 1735 метр, ал эми туурасы 35 метрди түздү.

Мындан тышкары, 2019-жылы жалпы долбоордун алкагында жалпы аянты 553 кв.м. болгон жаңы аэробекет курулган, ичинде жүргүнчүлөр үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн, алар – каттоочу орундар, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн текшерүүчү аппараттар, жүк лентасы, эне-бала бөлмөсү жана башкалар.

Белгилей кетүүчү нерсе, “Исфана” аэропорту өлкө үчүн стратегиялык маанилүү объект болуп саналат жана ички аймактык аэропортторду өнүктүрүү жана жайлуу шарт түзүү ошондой эле, аба жүргүнчүлөрүнүн тейлөө сапатын жакшыртуу үчүн бардык иш чаралар көрүлүүдө.

Маалымат катары:

Исфана аэропорту 1974-жылы пайдаланууга берилген. Совет мезгилинде ал Як-40, Ан-24, Ан-26, Ан-28, BAE-146-200 сыяктуу учактарды жана тик учактардын бардык түрлөрүн кабыл алган. Аэродромдо бир асфальт бетондолгон учуп-конуу тилкеси бар. (УКТ) – 1735 х35 м..

Аэробекет комплекси күндүзү ички каттамдарды тейлөө үчүн ылайыкташтырылып курулган.

Ааэробекетке акыркы жолу 2007-жылы капиталдык оңдоо жүргүзүлгөн. Аэродромдук классы: «ЗС» ( ИКАОнун нормалары) жана «Д» (ЭАКнын нормалары).