mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Инвест долбоорлорду ишке ашыруу тобу (Азия Ѳнүктурүү Банкы)

Директор: Сатыбалдиев Руслан

Бишкек,шаары, Исанов гѳчѳсү 42,

Тел.: +996(312) 90 09 70
Факс:+996(312) 31 43 78
ишеним телефону: +996(312) 900970

Официалдык  сайт: www.piumotc.kg

Электрондук дарек: bishkekoshroad@piumotc.kg

 

Инвест долбоорлорду ишке ашыруу тобуну тарабынан аткарылып жаткан долбоорлор:

«Түндүк-Түштүк альтернативалуу автожолун куруу, фаза 1, узундугу 150,9км.

Кызыл-Жылдыз а. –Арал а.( 183-195 км), Казарман а. – Джалал-Абад ш.(291-433 км), Көк-Арт  ашуусу аркылуу өткөн, узундугу 3,8 км тоннелди ичине алганда. Донор: Кытайдын Экспорттоо-Импорттоо  Банкы, кредиттин суммасы: 399,9 млн. АКШ долл. Кемчиликти жоюу мезгилин эсепке алуу менен аяктоо 2019-жылдын ноябрь айына пландаштырылган.

Кызыл-Жылдыз а–Арал а. участок 1, узундугу 12,4 км, 2016-жылдын курулуш сезонунун аягында толук аяктады.

Казарман а. –Джалал-Абад ш. участок 2, узундугу  138,5 км, Көк-Арт ашуусундагы тоннелди эсепке алуу менен асфальтбетон жабуусунун төмөнкү катмарынын жалпы узундугу 9 см, 86,4 км ди түздү. Асфальтбетон жабуусунун үстүнкү  катмарынын жалпы узундугу 60,12 км,  шагыл мастикалык асфальтбетон ( мындан ары – ШМА) калыңдыгы 6 см төшөлдү. Ошондой эле 6 көпүрөнү куруу боюнча жумуштар жалпы узундугу 281 км де  жүрүп жатат.

Тоннелдин ичи  галереясы менен кошо:

  • түштүк порталдан – 401 м,     штольня – 408 м.
  • түндүк порталдан – 756 м,         штольня – 1152 м.

Курулуш иштери 216 млн. АКШ долл. суммасында өздөштүрүлдү (контракттык нарктын 54%).

 

Түндүк-Түштүк альтернативалуу автомобиль жолдорун куруу, фаза 2

Арал а. – Казарман а. участогу (195-291 км), 99 п/м. Донор: Кытайдын Экспорттоо-Импорттоо Банкы, кредиттин суммасы: 298,7 млн. АКШ долл.

Кемчиликтерди жоюу мезгилин эсепке алуу менен 2021-жылдын октябрь айында аяктоо пландаштырылган.

52 км узундуктагы убактылуу технологиялык жолдорду куруу боюнча иштер аткарылды. 7 көпүрөнүн үчөөнү куруу боюнча иштер аткарылып жатат, жалпы узундугу 416 п/м.

Долбоорлоо участкасында жалпы узундугу 1472 пм 2 эстакадалык көпүрөнү куруу караштырылып жатат.

Асфальтбетон жабуусунун 5 км төмөнкү катмары төшөлдү, калыңдыгы 9 см. Курулуш иштери 145,4 млн. АКШ долл.  суммасында өздөштүрүлдү (контракттык сумманын 49%).

Бишкек-Ош автожолунун БАРЭК-3 коридорун өркүндөтүү боюнча долбоору, Фаза 4 (Бишкек – Кара-Балта участогу),  узундугу 45,5 км.

Донор: Азиат Өнүгүү Банкы, долбоордун суммасы: 120,8 млн. АКШ долл. Кемчиликтерди жоюу мезгилин эсепке алуу менен аяктоо 2021-жылдын апрель айына пландаштырылган. Азыркы учурда Башкы подрядчик персоналды жана жол-курулуш механизмдерин жана жабдууларды (ДСМиО)  мобилизациялоону ишке ашырды, участокко бардыгы болуп ДСМжО 66 бирдиги жана персоналдын 147 киши мобилизацияланды, анын ичинен 35 чет элдик жана 112 жергиликтүү адамдар  тартылды.

           Бириктирүүчү жолдордун долбоору, БАРЭК-1 жана БАРЭК-3 коридорлору, Түндүк-Түштүк автожолунун 3 фазасы,   (Эпкин-Башкууганды участогу, 89–159 км),  узундугу 70 км. Донор: Азия Өнүгүү Банкы. Долбоордун суммасы 114,35 млн. АКШ доллары. Курулуш иштеринин башталышы: 2018-жылдын апрели. Кемчиликтерди жоюу мезгилин эсепке алуу менен аяктоо 2022-жылдын апрелине пландаштырылган.

Азыркы учурда подрядчикти жана кеңеш берүүчүнү тандоо боюнча тендердик процедуралар жүрүп жатат.

Бишкек-Ош автожолунун БАРЭК-3 коридорун өркөндөтүү боюнча долбоор, Фаза 4 (Маданият – Жалал-Абад участогу),  узундугу 67 км. Донор: Евразия Өнүгүү Банкы (ЕАӨБ), долбоордун суммасы 72 млн. АКШ долл., Подрядчикти мобилизациялоо 2018-жылдын башталышына пландаштырылууда.

Кемчиликтерди жоюу мезгилин эсепке алуу менен 2022-жылдын  апрель айында аяктоо пландаштырылган.

Азыркы учурда бул долбоорду ишке ашыруу мөөнөтүндө кечигүү бар, тендердик процедураларды созуунун негизги себептери ЕАӨБ  товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу боюнча ченемдик-укуктук актыларынын жок экендигинде.

Инвестициялык долбоорлорду эффективдүү администрациялоо үчүн Азия өнүгүү банкынын (АӨБ) инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча бириккен Тобунун, Дүйнөлүк банктын (ДБ), Евразия Өнүгүү банкынын (ЕАӨБ), Эл аралык кызматташтык боюнча Япон агенттигинин (JICA),  Кайра куруу жана өнүктүрүүнүн Европа банкынын (КӨЕБ), КЭРдин экспорттоо-импорттоо банкынын (КЭИБ) базасында  эки өз алдынча  топ  түзүлдү жана натыйжада азыркы учурда  үч топ иштеп жатат:

— АӨБ, ЕАӨБ, КЭИБ долбоорлорун ишке ашыруу боюнча ИДӨТ АӨБ;

— ДБ жана JICA долбоорлорун ишке ашыруу боюнча ИДӨТ ДБ;

Араб координациялык тобунун долбоорлорун ишке ашыруу боюнча ИДӨТ ИӨБ (бириккен Сауд өнүгүү банкы, Араб экономикалык өнүгүүнүн Кувейт фонду, ОПЕК Эл аралык фонду, Фонд Абу Даби, Ислам Өнүгүү банкы).

ИДӨТтүн жетекчилеринин укуктары  инвестициялык долбоорлорду администрациялоо боюнча операциялык чыгымдарды бөлүштүрүү бөлүгүндө кеңейтилди.

2017-жылы биринчи жолу үч эл аралык практикалык конференция өткөрүлдү, анын бири инновациялык технологияларды киргизүү жана пайдаланууга арналган.

2017-2018-жж. жол тармагын башкаруу системасын реформалоо максатында бир катар чараларды ишке ашыруу пландаштырылууда:

— күнүмдүк оңдоп-түзөө жана тейлөөчү жумуштарды сатып алуу үчүн ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана бекитүү (натыйжага багытталган контракттарды киргизүү, мамлекеттик тапшырыктарды жайгаштыруудан акырындап баш тартуу);

— тармакты коммерциялоону баштоо.

Бул милдеттерди ишке ашыруу үчүн жана жол тармагында коррупциялык тобокелчиликти жоюу планы боюнча иш-чараларды ишке ашырууну аяктоо үчүн АӨБдүн институционалдык жардамынын алкагында улуттук кеңеш берүүчүлөрдүн тобу түзүлдү.