mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту дистанттык түрдө окуу процессине өттү

И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту дистанттык түрдө окуу процессине өттү
Республикадагы учурдагы абалды эске алуу менен Коопсуздук кенешинин чечимине ылайык КР Транспорт жана жол министрлиги алдындагы И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту дистанттык түрдө окуу процессине өттү.
Институттун администрациясы ZOOM маалыматтык программасынын жардамы менен иш жүргүзүүдө. Ал эми окуу процесси AVN маалыматтык тутум порталы аркылуу өтүлүүдө. Тутум окуу-методикалык программалар менен толтурулган, ал жактан лекцияларды алып сабакка даярданууга бардык шарттар каралган.
Программа аркылуу окутуучу онлайын режимде сабак өтүп, окуучулар менен баарлаша алат.
Мындан тышкары, Whats App аркылуу ар бир дисциплина боюнча группа ачылган. Институттун окутуучулары окуу процессин уюштурууда заманбап программаларды колдонууда.
Институттун администрациясы, окуу башкармалыгы, кураторлор студенттер менен дайым байланышта болуп, алардан маалымат алып турушат.