mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

ЭЛ АРАЛЫК КЫЗМАТТАШТЫК

Эл аралык кызматташтыкты Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин тышкы байланыштар жана интеграциялоо бөлүмү ишке ашырат.

Ал Кыргызстандын чет өлкөлөр, эл аралык жана региондук уюмдар, мамлекеттик жана мамлекеттик эмес түзүмдөр, жеке фирмалар жана жеке жактар менен эл аралык кызматташтыгын түзүү жана өнүктүрүү үчүн сунуштарды жана мүмкүнчүлүктөрдү, анын ичинде жол-транспорт комплексин өнүктүрүүнүн жана эл аралык программаларын сунуштайт.

Өз ыйгарым укуктарынын чегинде:

Жол-транспорт комплекси чөйрөсүндө эл аралык кызматташтык жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүнү камсыз кылат.

Чет мамлекеттер, эл аралык жана регионалдык уюмдар, жеке фирмалар жана жактар менен эл аралык кызматташтыкты орнотуу жана өнүктүрүү боюнча Министрликтин консолидацияланган позициясы, анын ичинде эл аралык программалар менен координациялайт.

Эл аралык иш-чараларды, анын ичинде расмий чет өлкөлүк делегациялардын, комиссиялардын, жеке фирмалардын жана жактардын Министрликке визиттерин өткөрүүнү координациялайт, ошондой эле протоколдук камсыздоону жүзөгө ашырат.

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри тең төрагалык кылган Өкмөттөр аралык комиссиялардын жыйындарын уюштурат жана өткөрөт.

Өзүнүн компетенциясынын чегинде жол-транспорт комплексиндеги тышкы байланыштар жана интеграциялоо чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарын коргойт.

Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) менен Кыргыз Республикасынын Жол-транспорт комплекси чөйрөсүндөгү ишти жана өз ара иштешүүнүн бирдиктүү тартибин координациялайт, ошондой эле өз компетенциясынын алкагында ЕЭК менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Кыргыз автоташуучуларынын кызыкчылыктарын коргоо жана эл аралык автотранспорт рыногунда жагымдуу шарттарды түзүү максатында Кыргыз Республикасы 1991-жылдан бери Түркия, Украина, Иран, Кытай, Белоруссия, Түркмөнстан, Пакистан, Молдова, Өзбекстан, Латвия, Германия, Армения, Грузия, Россия, Польша, Казакстан, Монголия, Венгрия менен эл аралык автомобиль каттамы жөнүндө эки тараптуу өкмөттөр аралык Келишимдерди түзгөн. Ошондой эле, Азербайжан менен «Транспорт жаатындагы өз ара мамилелердин негизги принциптери жөнүндө өкмөттөр аралык макулдашуу», ал эми Тажикстан менен «Эл аралык автомобилдик каттамдарды өнүктүрүү жана өркүндөтүү жөнүндө өкмөттөр аралык макулдашууну» иштеп жатат.

Мындан тышкары, Азербайжан (жаңы), Афганистан, Болгария жана Эстония, Литва Республикасы, Швейцария, Италия, Финляндия менен автомобиль каттамы боюнча келишимдерди түзүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Франция жана Австрия менен ведомстволор аралык мүнөздөгү 2 эл аралык келишим түзүлгөн.

Эки тараптуу Макулдашууларга кошумча ЕАЭБ, ШКУ, ЭКУ өлкөлөрү (түрк тилдүү өлкөлөр), ТМУ, ТРАСЕКА («Европа — Кавказ — Азия») өлкөлөрүнүн жана КМШга мүчө өлкөлөрдүн линиялары боюнча автомобиль транспорту жаатында 9 көп тараптуу Макулдашууга кол коюлду.

Ошондой эле, эл аралык автомобилдик ташуулар жаатында өз ара аракеттенүү жөнүндө көп тараптуу макулдашуулар Кыргызстандын, Өзбекстандын, Кытай Эл Республикасынын Өкмөттөрүнүн, ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн, Казакстандын, КЭР жана Пакистан Ислам Республикасынын Өкмөттөрүнүн ортосунда түзүлгөн.

Мындан тышкары, жыл сайын КМШга, ЕАЭБге, ШКУга, ЭКУ, ТМУ, БУУ ЭСКАТО, БУУ ЕЭК жана башкаларга катышкан мамлекеттердин ар кандай эл аралык аянтчаларында жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү автоташууларды жөнөкөйлөтүү жана коопсуздугу, ташууга болгон тоскоолдуктарды идентификациялоо жана четтетүү боюнча маселелер иштелип чыгат, ошондой эле транспорттук процесстердин катышуучуларынын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөнүн перспективалары, эл аралык автоташууларды оптималдаштыруу жана рационалдаштыруу, Кыргыз Республикасынын улуттук ташуучулары атаандаштыкка жөндөмдүү болушу үчүн шарттарды шайкеш келтирүү мүмкүнчүлүктөрү каралат.

Ошол эле учурда Кыргызстан региондогу өнөктөш өлкөлөр менен, ошондой эле дүйнөнүн башка өлкөлөрү менен транспорттук өз ара аракеттенүүнүн жана транспорттук инфраструктуранын өз ара байланышынын жетишээрлик жогорку деңгээлин колдоого умтулат.

Республиканын транспорттук комплекси эл аралык транспорттук каттамдарды өнүктүрүү боюнча эл аралык конвенцияларга жана макулдашууларга активдүү кошулуп келе жатат. Дээрлик бардык чектеш мамлекеттер, ошондой эле алыскы чет мамлекеттер менен транспорттук коммуникациялар жаатында макулдашылган саясатты жүргүзүү жөнүндө эки тараптуу жана көп тараптуу макулдашуулар түзүлгөн.

 

Интеграциялык бирикмелер менен кызматташуу:

Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ), Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ), Экономикалык кызматташтык уюму (ЭКУ) Жамааттык коопсуздук уюму (ЖККУ), Европа коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ), Түрк мамлекеттер уюму (ТМУ).

БУУнун структуралары:

Европа экономикалык комиссиясы (БУУ ЕЭК);

Азия жана Тынч океан өлкөлөрү үчүн экономикалык жана социалдык комиссиясы (БУУ ЭСКАТО), Азия жана Тынч океан өлкөлөрүнүн атайын комиссиясы (СПЕКА).

Экономикалык өнүктүрүү программалары:

Борбор Азиялык экономикалык кызматташтык (БАРЭК).

Венаны Өнүктүрүү программасы (2016-2026)

Япониянын эл аралык кызматташтык агенттиги («JICA»)

Түркиянын кызматташуу жана координациялоо агенттиги («ТИКА»)

Эл аралык кызматташтык боюнча Корея агенттиги («КОICА»)

 

КМШ кызматташтыгынын тармактык уюмдары:

Координациялык транспорттук кеңешме (КТК),

Жолчулардын мамлекеттер аралык кеңеши (ЭИК)

 

Тармактык эл аралык кызматташтык уюмдары:

Европа-Кавказ-Азия транспорттук коридорун өнүктүрүү боюнча өкмөттөр аралык негизги көп тараптуу макулдашуу (ТРАСЕКА);

Темир жол кызматташтыгын уюму (ТЖКУ);

Эл аралык автомобилдик ташуучулар ассоциациясы (АМАП).

Транспорттук коридорлор (трансазиялык, трансевропалык, евроазиялык) коридорлорго жана каттамдарга таандыктыгы боюнча өлкөлөр.