mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Дыйкан-Кара-Кече автожолун кеңейтүү иштери жүруп жатат.

2020-жылдын 14- сентябрында Дыйкан-Кара-Кече автожолунун 37 км аралыгына тоо беттеринен болжол менен 2,0 млн м3 таш кулоолор болуп жол убактылуу жабылган. Жол кыймылын камсыз кылуу максатында, 37,5-40,56 км аралыгына узундугу 3,06 км  убактылуу жол салынган.

Жалпы узундугу 300 м келген бийик жолду  26.10.2020-жылы Кара-Кече көмүр кенинин бульдозору менен 3 метрге ылдыйлатылган. Жолчулар күнү-түнү эки смен иштеп жатышты. Аталган жол  бийик тоонун капталына салынгандыгына байланыштуу эки участкада жалпы узундугу 200 м келген зоого туш келип ошол жерде жолдун туурасы 4,0+4,5 м түзөт.

Азыркы убакта 1 даана автогрейдер ,1 даана мехпогрузчик жана 1 даана автосамосвал техникалары нөөмөттө турат.

Мындан сырткары, жолдун четиндеги аварялык коопту жерлерге жол коопсуздугун камсыз кылуучу кум, шагыл дөнчөлөр даярдалды жана автожолдун суу өтүүчү арыктар жасалды, Керектүү жол белгилери коюлду.

Пресс-кызмат