mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Дүйнөлүк Банктын Инвестициялык долбоорлорун ишке ашыруу тобунун (ДБ ИДИАТ) долбоорлору тууралуу маалымат

Дүйнөлүк Банктын Инвестициялык долбоорлорун ишке ашыруу тобунун (ДБ ИДИАТ) долбоорлору тууралуу маалымат

 

 

  1. «Борбордук Азиядагы регионалдык каттамдарды жакшыртуу долбоорунун 3-фазасы (БАРКЖД-3)” долбоору» — ПУРПС ЦА-3 (Түп-Кеген унаа жолу ж.б.)

 

Узундугу:                                            52 км

Донор:                                                  Дүйнөлүк Банк

Долбоордун наркы:                          55 млн. АКШ доллары

Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү:   2019-2024 ж.ж.

 

БАРКЖД-3 долбоорунун алкагында  Түп-Кеген унаа жолунун 39-чакырымдан 76-чакырымга чейинки аралыгын жана Каркыра капчыгайында жайгашкан туристтик лагерге алып баруучу узундугу 15 чакырымды түзгөн жол реабилитациялоо, жол тейлөө үчүн керектүү жабдыктарды сатып алуу,  Кыргыз Республикасынын Жарандык авиация агенттигинин жана И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институтунун мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу жана Ыссык-Көл областында туризмдин потенциалын өнүктүрүү (5 туристтик сервис борборлорун куруу, геопарктарды өнүктүрүү боюнча пилоттук долбоор ж.б.) компоненти да каралган. Туризм компонентин ишке ашырууда министрлик Туризм департаменти менен тыгыз кызматташат.

 

БАРКЖП долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңештин отурумунда каралган жана жактырылган.

 

2019-жылдын 3-июлунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Дүйнөлүк Банктын Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын оортосундагы ушул долбоорду Каржылоо тууралуу макулдашууга кол коюлду.

 

2019-жылдын 31-октябрында ушул долбоорду Каржылоо тууралуу макулдашууну ратификациялоо жонундо мыйзамынын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан жактырылды. 2019-жылдын 16-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан мыйзамдын долбооруна кол коюлду. 2020-жылдын 30-январында каржылоо тууралуу макулдашуу күчүнө кирди.

 

2020 жылга пландар

 

2020 жылы Түп-Кеген унаа жолунун жана Каркыра капчыгайында жайгашкан туристтик лагерге алып баруучу жолдун так долбоорун даярдоо жана  долбоордун компоненттеринин (авиация жана туризм) алкагында консультациялык кызматтарды  тандап алуу процедуралаыр пландаштырылган.

 

 

Азыркы учурда так долбоорду даярдоо жана  подрядчикти тандап алуу үчүн тендердик документтерди даярдоодо үчүн консультациялык кызматын тандап алуу боюнча тендердик процедуралар аткарылууда. Министрлик тарабынан техникалык тапшырма даярдалып, Дүйнөлүк Банк жана министрликтин тиешелүү бөлүмдөрү тарабынан жактырылды. Учурда ушул тендерге катышуу кызыкчылыгын билдирген компаниялардын документтери каралып бааланып жатат.

 

 

  1. «Эл аралык маанидеги жолдорду жакшыртуу» долбоору» Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 28 чакырымдан 75 чакырымга чейинки бөлүгүн реабилитациялоо

 

Донор:                                                    Япон Эл аралык кызматташтык агенттиги

Долбоордун наркы:                                 13,642 млрд. япон йени (133,58 млн. АКШ долл.)

Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү:   2018-2023 ж.ж.

Консультант:                                          «Central Consultant Inc.»

 

Аталган долбоордун алкагында эки компонент каралган:  

 

  • Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 28 чакырымдан 75 чакырымга чейинки бөлүгүн реабилитациялоо;
  • Азыркы Бишкек-Ош унаа жолунда табигый кырсыктардын алдын алуу. Аталган долбоордун алкагында унаа жолду табигый кырсыктардан сактоо үчүн инженердик-сактоочу курулуштары курула турган жол бөлүктөрү жапандар тарабынан тандалып алынды:

— унаа жолдун 400,1 чакырымынан  400,8 чакырымына чейин туннельдин курулушу;

— 409 чакырымда таштардын кулап түшүүсүнөн сактоочу курулуштарды куруу;

— 451 чакырымда жер көчкүдөн сактоочу тиреп туруучу дубалдарды куруу.

 

2020 жылга караштырылган план

 

Так долбоорду даярдоо, долбоордук сметалык документтерди шайкеш келтирүү, так долбоорго мамлекеттик экспертизадан оң корутунду алуу жана подрядчикти тандап алуу үчүн тендердик документтерди даярдоо 2020 жылы аяктоо пландаштырылган эле, бирок COVID-19 эпидемиясынын жайылуусунан жана киргизилген карантин чараларынан улам, пландын аткарылышы пандемиядан түздөн-түз көз каранды болот.

 

Ишке ашырылуусу:

 

2020 жылдын март айында так долбоор даярдалып бүткөрүлүп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине мамлекеттик экспетризадан өтүү үчүн жөнөтүлдү. Бирок Мамлкекеттик экспертиза депатаменти жапан стандарттарына ылайык иштелип чыккан долбоордук документтерди нормативдик-укуктук жана нормативдик-техникалык документтерге ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулган стандарттарга шайкеш келтирүү жана долбоордун сметалык бөлүгүн сом менен эсептеп чыгуу (алгачкы смета жапан йени менен саналган).

 

Азыркы учурда Консультант  «Central Consult Inc.» Мамлкекеттик экспертиза депатаментинин сын-пикирлерин эске алуу менен так долбоорду иштеп чыгууда. Ошондой эле долбоордун эки компоненти боюнча долбоордук-сметалык документтерди ылайыкташтырууга киришти, ушул жумуштрады үстүбүздөгү жылдын күзүндө аяктоо пландаштырылууда. Мындан сырткары, подрядчикти тандоо үчүн тендердик документтери да даярдалууда.