mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Чычкан капчыгайы кар көчкүдөн тазаланып, жол ачылды

Чычкан капчыгайында түшкөн кар көчкү тазаланып, жол ачылды. Белгилей кетсек, көчкү болжол менен бүгүн, 11-мартта түшкү саат 13:30дар чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 255-чакырымына түшкөн. Анын көлөмү болжол менен 2640 м3 түздү. Транспорт жана коммуникация министрлигине караштуу №23 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери трассаны тынымсыз тазалоонун натыйжасында жол ачылып, каттам жанданды.

КРдин ТжКМнин басма сөз кызматы