mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Чолпон-Ата шаарында «АПР өлкөлөрү-Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан-Түркмөнстан-Азербайжан-Грузия-Түркия-Европа» эл аралык мультимодалдык каттамын өнүктүрүү боюнча темир жол башкармалыктарынын жетекчилеринин жыйыны өттү

2022-жылдын 30-июнунда жана 1-июлунда Чолпон-Ата шаарында темир жол башкармалыктарынын жетекчилеринин ортосунда «АПР өлкөлөрү-Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан-Түркмөнстан-Азербайжан-Грузия-Түркия-Европа» эл аралык мультимодалдык каттамын өнүктүрүү боюнча жолугушуу болуп өттү. Ага алты өлкөнүн: Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Азербайжан, Грузия, Түркиянын темир жол башкармалыктарынын жетекчилери катышты.
Темир жол башкармалыктарынын жетекчилеринин жыйынынын ачылышы Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Тургунбаев Алмаздын сөзү менен башталды. Ачылыш сөзүндө ал Кыргыз Республикасы үчүн республиканын аймагы аркылуу мультимодальдык ташууларды өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучуларга, ошондой эле, Кытай Эл Республикасынын чек арасын жабуу шарттарында контейнердик ташууларды ишке ашыруу боюнча маалымат берилди, бул COVID-. 19 коронавирустук инфекциясынын жайылышын алдын алуу үчүн киргизилген чектөөлөргө байланыштуу
Жолугушуунун катышуучулары Кашкар шаарынан Эркеч-Там өткөрүү пункту аркылуу автотранспорт менен контейнердик ташууларды андан ары поездге жүктөө менен ишке ашырууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.
Жолугушуу достуктун жана толук өз ара түшүнүшүү кырдаалында өттү.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы