mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Чоң-Алайдагы кар көчкү басып калган «Дэу Матиз» жана «Нива» унааларындагы 8 адамдын куткарылышы

6c3793e8-d99d-4b34-b770-7c2c717927de-1 6c3793e8-d99d-4b34-b770-7c2c717927de 6e4e8619-8863-4f31-8273-8566dbcf9b51 7ebb2b0c-277b-4870-b479-45a2136df1d0 57c65055-9533-4047-b168-f30c6dca9787 575da0c0-9564-4d7d-bf37-62e95d043c1c bb4f8be4-3acd-4d10-802c-adf772de3cfb c7dab2f9-d629-423a-8586-4dcd991ab22c c22aff4e-11de-42d3-a411-1dec158113e3

Транспорт жана жолдор министрлигинин №16 жол тейлөө ишканасынын жолчулары Чоң-Алайдагы кар көчкүнүн алдында калган 8 адамды куткарып калышты. Жолчулар бул окуяга унаа жолдогу кар көчкүнү тазалап жаткан учурда туш болушкан. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
№16 жол тейлөө ишканасынын башкы инженери Канатбек Токтосуновдун айтымында, кечээ райондун аймагында бир нече жолу кар көчкү түштү.
«Дароот-Коргон—Чак—Жаш-Тилек унаа жолунун 0,3-чакырымындагы Балтырганды тилкесиндеги кар көчкүгө чейин ушул жолундагы 100 метр куб кар көчкүнү тазалаганбыз. Андан соң Сары-Таш—Карамык унаа жолунун 98-чакырымындагы кар көчкүнү тазалоого жөнөгөнбүз. Бизде бир жүк түрткөн унаа жана автогрейдер бар болчу.
Балтырганды тилкесинен өткөндөн кийин 300 метр арт жактан кар көчкүнүн алдында калган эки унааны көрдүм. Дароо №16 ишкананын жетекчисине, тез жардам кызматына жана Чоң-Алай РИИБге телефон чалдым. Бирок, тез жардам берүүчү номур өз учурунда телефондук чалуума жооп беришкен жок. Биз дароо эле кар көчкү түшкөн жерге барып, жолду ачып баштадык. Кар көчкү «Дэу Матиз» жана «Нива» унааларын басып калыптыр. «Дэу Матиз» унаасынын айдоочусун жана андагы жүргүнчү аялды, «Нивадан» 6 адамды алып чыктык. Кар көчкүнүн алдында калган 8 адамдын барын аман-эсен алып чыктык», — деди ал.