mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Чүй облусунун аймагынан жараандарды Баткен облусуна жеткирүү иштеринин алкагында , КР ТжКМне караштуу Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгы кичи автобустар бөлүп берди

Чүй облусунун аймагынан жарандарды Баткен облусуна жеткирүү иштеринин алкагында  Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгы кичи автобустар бөлүп берди. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Б.Торобаевдин 2022-жылдын 15-августундагы № 20-3698 тапшырмасын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгы  Баткен обулусундагы окуяга байланыштуу Чүй облусунун аймагынан жараандарды Баткен облусуна жеткирүү иштеринин алкагында төмөнкү кичи автобустарды бөлүп берди:

2022-жылдын 28-сентябры — 4 кичи автобус;

2022-жылдын 29-сентябры — 12 кичи автобус;

2022-жылдын 30-сентябры — 7 кичи автобус;

2022-жылдын 3-октябры — 2 кичи автобус.

Буга чейинки убакытка чейин да Чүй облусундагы жүргүнчү ташуучу мекемелер (АК, ЖЧК) тарабынан башка мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдар аркылуу 30га жакын кичи автобустар жөнөтүлгөн.Баардык кичи автобустар Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздалган.

 

КР ТжКМнин басма сөз кызматы