mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги маалымдайт

2021-жылдын 4-майында саат 16-00 чамасында  аба-ырайынын кескин ысышына байланыштуу Кульцентр-Кичи-Алай жолунун 12-чакырымында көлөмү 192м3,  узундугу 8 метр,  туурасы 8 метр, бийиктиги 3 метр  болгон кар көчкү түштү.  Учурда 1 жүктөгүч машинасы иштеп жатат. Жер көчкүнү жоюу үчүн бардык чаралар көрүлүп, жол ачык.

Андан кийин 2021-жылы 5-майда болжол менен саат 16-00 чамасында  дагы жер көчкү түшүп узун туурасы 12 метр, бийиктиги 6 метр жана жалпы көлөмү 213м3 түзгөн.  Жер көчкүдөн кийин дароо 1 жүктөгүч тазалоо иштерин баштады.

5-май күнү саат 18: 00дө Баткен облусунун Лейлек районунда жана Исфана-Андарек-Көк-Таш жана Самат-Замборуч-Жаркыштак унаа жолдорунда катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, учурда жолду тазалоого 1 автогрейдер менен 1 жүк ташуучу унаа жиберилген.

КРТжКМ басма сөз кызматы