mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Бугун КР Транспорт министрилигинин окулдору менен митингке чыккандар жолугушуп тушундуруу иштерин жургузмокчу болушту

Азыркы учурда массалык малымат каражаттарында Эпкин-Башкуганды жолунун тилкесини курулуш долборун ишке ашыруу жөнүндө маалымат активдүү талкууга алынууда. Озуңөр билгендей, мурда бул жерде Италиянын Тодини компаниясы иштеген. Бардыгыныздар билгендей бул долбоор КР Транспорт министрилиги тарабынан Азия өнүктүрүү банктын каржылоосунда ишке ашырылууда .
Тодини компаниясы менен келишимге 2018 жылдын 7 сентябрында кол койулган, жана ушул эле жылдын 13 ноябрынан тартып Подрядчы ишке киришкен. 2019 жана 2020 жылдын аралыгындагы курулуш мезгили ичинде Подрядчы тарабынан болгону 9,5% жумуштар аткарылган. Башкача айтканда жер жумуштар да бүткөрүлгөн эмес, ошол эле мезгилде келишимдин убакытысы 69% пайдаланылган.
Транспорт министирлиги жергиликтуу калктын бул маселе боюнча танчсыздануусун жакшы түшүнөт. 2020 жылдын 1 декабрдан баштап Транспорт министрилиги Азия онүктүрүү банкы менен макулдашып Подрядчы Тодини компаниясы менен келишим мөнөөтүнөн мурда коррупцияга баланыштуу болуп токтотулуп, кайра жаны Подрядчыны тандоо учун жаны тендер дайындоо боюнча процедуралар башталды.
Тодини компаниясы келишимдин шартарына ылайык долбоорлор тилкесинен алынып салынды жана аны менен акыркы эсептешуулор боюнча иш аткарылып жатат.2020 жылдын 1 декабынан тартып азыркы убаытка чейин долборлор тилкесинде Тодини компаниясы тарабынан аткарылган жумуштардын көлөмүн аныктоо боюнча иштер, ошондой эле топосъемка жүрүүдө.
Белгилей кетсек жаны подрядчыны тандоо Азия онүктүрүү банкынын процедураларына ылайык жүргүзүлөт. Бул учун убакыт керек.
Транспорт министрлиги процедураны тездетуу боюнча бардык зарыл чараларды корот жана Подрядчы июнь, июль айларында тандалып ишке киришет деп пландалууда.
Буга чейин жаны Подрядчы жумушту баштаганга чейинки өткөл мезгилде долборлоо тилкесин күнумдүк кармоо жергиликтүү Жол тейлоо ишканалары( №24 жана №955) тарабынан аткарылууда.
Ошондой эле транспорт министрлиги тарабынан долборду ишке ашырууга тартылган жергиликтуу компаняилардын жана жеке жактардын алдында түзүлгөн карыздарды жою маселесин чечуу боюнча иш-арактеттер каралууда.Булар көптөгөн ижара берүүчүлөр жана жеке жактар, айрыкча Енисей строй компаниясында иштегендер. Аларга болгон карыз бир жылдан бери төлөнбөй келе жатат. Тодини компаниясынын 2020 жылдын мезгилиндеги карыздары бар, аларды жою боюнча бул компаниянын жетекчилиги менен Транспорт министлиги тарабынан сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
Жогоруда айтылган маселелер транспорт министлигинин туруктуу көзөмөлүндө турат жана биринчи кезектеги тартипте чечилет.
КР ТАКК министрлигинин басма сөз кызматы