mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Борбордук Азиядагы жол катнаштарын жакшыртуу долбоорунун 1-фазасы (БАЖКЖД-1) долбоору «Ош-Баткен-Исфана-Худжант жол коридорунун жол бөлүктөрүн реабилитациялоо»

Ушул долбоордун алкагында Ош-Баткен-Исфана-Худжант жол коридорунун узундугу болжол менен 56 чакырымды түзгөн төмөндөгү жол бөлүктөрүн реабилитациялоо каралган: узундугу 36,08 чакырымды түзгөн “Исфана–Кайрагач/Маданият көзөмөл өткөрүү жайы» жол бөлүгү, узундугу 14,30 чакырымды түзгөн “Баткен-Төрткүл” жана узундугу 6,11 чакырымды түзгөн “Баткен-Кызыл-Бель/Гулистон көзөмөл өткөрүү жайы” жол бөлүктөрү.

 

Ишке ашырылуусу:

Бүт жол бөлүктөрүндө негизги курулуш иштери аткарылып бүттү. Жолду ирээтке келтирүү иштери (парапеттер, арыктар, съезддер) бир жылдык кепилдик мөөнөттө бүткөрүлөт. Керилдик мөөнөт 1 жылга созулат (2020 жылдын июль айына чейин).

 

Долбоордун алкагындагы үнөмдөөлөр:

Долбоордун алкагында курулуш иштери боюнча үнөмдөөлөр болду. Долбоордун алкагында курулуш иштерине болжол менен 39,2 млн. АКШ доллары каралган, а факт боюнча подрядчикке 30 млн. АКШ долларынан бир аз көп сумма төлөнгөн.  Ошондой эле жалпы долбоор боюнча да грант жана насыя боюнча үнөмдөө болгон. Унөмдөлгөн каражаттарга салмак-өлчөм динамикалык системасы жана ОБИ жол башкармалыгын жол техникалары сатылып алынды.

Узундугу:                                   56 км

Донор:                                        Дүйнөлүк Банк

Долбоордун суммасы:              54 млн. АКШ доллары;

Консультант:                             Egis International

Подрядчик:                                Синьцзян Бэй Син Роуд энд Бридж Констракшн Ко.