mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Боом капчыгайында таш кулатуу иштери жүрүүдө

Бишкек — Нарын – Торугарт унаа жолунун 129-чакырымында таш кулатуу иштери жүрүүдө.
“Кыргыз темир жолу” ишканасы иштер 28-апрелге чейин улана турганын билдирди.

Күндүз саат 9:00дөн 15:00гө чейин унаа кыймылы маал-маалы чектелип, транспорт бир тилке менен гана өтүүдө. 30-40тан ашык автоунаа топтолгондо таш түшүрүү иштери токтоп, аларды өткөрүүгө уруксат берилип жатат.

Мындай иштер аталган тилкеде таш кулоо коркунучун, кырсыктын болушун алдын алуу максатында жасалууда.

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы