mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Боом капчыгайында сел жүрүп жол убактылуу жабык

Алдын ала маалымат боюнча саат 11:00 чамасында кыска мөөнөттө жааган жамгырдын кесепетинен Бишкек-Нарын-Торугарт (Кемин р-ну) унаа жолунун 128-129 км бөлүгүндө, ошондой эле Боом капчыгайында сел жүргөн.
Боом капчыгайында, ошондой эле Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 128-129-чакырымында (Кемин) жолдор эки тараптан тең жабык.
№32 ЖТИ кызматкерлери тарабынан каттамды калыбына келтирүү үчүн жолдорду тазалоо иштери жүрүүдө. Зарыл техника тартылууда. 1 погрузчик, 1 автогрейдер иштеп жатат.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы