mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Бишкек шаарынан Ысык-Көл багытында мыйзамсыз жүргүнчү ташууга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн рейддик иш чарасы боюнча маалымат

Автомобиль, суу транспорту жана салмак тыш өлчөм көзөмөлдөө агенттиги 2021-жылдын  12 — 14-август күндөрү Борбордук аппараттын, Бишкек шаарынын,  Чүй аймактык башкармалыгынын жана Бишкек шаардык жол коопсуздук кызматынын инспекторлорунун катышуусу менен  Бишкек шаардагы  Жибек-Жолу-Кулиева көчөлөрүнөн  жана башка жерлерден кичи автобустар менен мыйзамсыз жүргүнчү ташууларга бөгөт коюу боюнча биргелешкен рейддик текшерүү иш-чарасын өткөрдү.

Рейддин максаты   автомобиль транспорту тармагында мыйзамдардын,    жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча эрежелеринин талаптары  жүргүнчү ташуучулар тарабынан сакталышын, айдоочулардын  уруксат берилбеген жайлардан жүргүнчүлөрдү алып ташууларын тыюу жана аларды ташууда коопсуздукту камсыз кылуу болуп саналат.

Рейддин жыйынтыгында Ысык-Көл багытындагы регулярдык каттамдарына тоскоол жараткан регулярдык эмес каттамдарды уюштурган айдоочуларга чаралар көрүлүп, айдоочуларга жана жүргүнчүлөргө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Жүргүнчү ташуулар боюнча ченем-укуктук актылардын талаптарын аткарбаган фактылар боюнча  жалпысынан 17 тартип бузуулар боюнча тийиштүү протоколдор түзүлүп, 52500 (элүү эки мин беш жүз) сомдогу  айыптар салынды. Анын ичинде Автотранспорт агенттигинин инспекторлору тарабынан 7 протокол,   Бишкек шаардык жол коопсуздук кызматынын инспекторлору тарабынан 10 протокол түзүлдү.

Мындан тышкары, рейд учурунда жүргүнчү ташуучу кичи автобустардын айдоочулары жана алардын кызматын пайдаланып аткан жүргүнчүлөр менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Жүргүнчүлөргө Ысык-Көлгө эс алууга баратканда өздөрүнүн коопсуздугу үчүн мыйзамдуу иштеген кичи автобустардын айдоочуларынын кызматын пайдалануу сунушталды.

Мындай иш-чаралар буга чейин Ысык-Көл облусунда да  жүргүзүлдү жана улантыла бермекчи.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы